• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 21/11 - 14:41

Азербайжандын мамлекеттик бажы комитети өлкөнүн Иран Ислам Республикасы менен соода алакаларынын көлөмү ушул жылдын алгачкы 10 айынын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу 30дан ашык пайызга өскөнүн билдирди.

Бул тууралуу Азербайжандын “АПА” агенттиги маалымдаганын “IRNA News” агенттиги кабарлады.
Азербайжандын мамлекеттик бажы комитетинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн соода алакаларынын көлөмү ушул жылдын 10 айынын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу 99 млн. 239 миң долларга көбөйгөн.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде Азербайжандын Иранга экспорту өткөн жылга караганда 8 млн. 705 миң долларга көбөйүп, 30 млн. 999 миң долларга жеткен. Ошол эле учурда Азербайжандын Ирандан импорту 391 млн. 690 миң долларга барабар болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 90 млн. 534 миң долларга көп.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-4°C Бишкек
-15°C Астана
+4°C Дүйшөмбү
+7°C Ашхабад
+1°C Ташкент