• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 12/11 - 13:32

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Кипрдин жээктеринде казуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн Түркияга каршы экономикалык санкцияларды жарыялоого макул болушту.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү жыйын алкагында Түркияга каршы экономикалык санкцияларды жарыялоо боюнча макулдашышты.
Түркия Кипрдин жээктеринде казуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн саякат жасоолоруна тыюу салынат жана деңиз жолдору жабылат.
Бул чечим Европа Биримдиги менен Түркиянын мамилелеринин начарлап кеткендигин билдирүүдө. Санкциялардын максаты - Анкараны Кипрдин деңиздик экономикалык аймагынын купуялуулугун бузгандыгы үчүн жазалоо болуп саналат.

ЕБ буга чейин Түркияга курал-жарак экспортун токтоткон эле.
Ал эми Түркия бургулоо иштерин өзүнүн континетинде же Кипрдин түрктөрү укуктарга ээ аймактарда жүргүзгөнүн билдирүүдө.
ЕБ өткөн айда дагы Түркияга Кипрдин жээктериндеги иш-аракеттерин уланта турган болсо, Анкарага каршы санкция жарыяларын эскерткен эле.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+7°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент