• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 11/11 - 09:59

Иран менен Орусия "Бушер" атомдук электр станциясынын экинчи энергия блогунун курулушун расмий түрдө башташты.

«Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, жекшемби күнү Орусия менен Ирандын кызматташтыгынын тарыхында маанилүү окуя болду. Ирандын "Бушер" электр станциясынын экинчи энергия блогунун курулушу Орусиянын адистеринин катышуусунда 10-ноябрда башталды.

Ирандын вице-президенти Али Акбар Салехи менен Орусиянын “Росатом”компаниясынын башкы директорунун орун басары Александр Локшин салтанаттуу түрдө “Бушер” атомдук электр станциясынын экинчи энергия блогунун расмий түрдө курулушун башташты.

“Бушер” АЭСинин энергия блокторунун курулушу ири иран-орус долбоору болуп саналат. 2014-жылы 10-ноябрда Иран менен Орусия Бушер АЭСинин экинчи жана үчүнчү энергия блокторунун (“Бушер-2” долбоору) курулушу боюнча келишимге кол коюшкан.  “Бушер-2” долбоорун ишке киргизүү аземи 2016-жылдын 10-сентябрында өткөн. Долбоорду ишке ашыруу 10 жылды талап кылары күтүлүүдө.

“Бушер” атомдук электр станциясы үч атомдук энергия бөлүгүнөн турат жана анын биринчи блогу иштеп баштагандан бери Ирандын электр тармагына он миллиарддаган киловатт-саат электр энергиясын берди.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-4°C Бишкек
-15°C Астана
+4°C Дүйшөмбү
+7°C Ашхабад
+1°C Ташкент