• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 31/10 - 16:59

Тегеранда Тажикстандын жетекчилигинде Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) жыйыны болуп өттү.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги кабарлады.
Жыйында 8-9-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйырма төртүнчү жыйынына даярдык көрүүгө байланыштуу маселелер талкууга алынды.

Жыйынга катышкан ЭКУнун өкүлдөрү уюмдун тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынынын күн тартибин, Анталиядагы билдирүүнүн долбоору жана башка келерки жыйында карала турган документтер боюнча чечимдерди кабыл алышты.

Экономикалык Кызматташтык Уюму (ЭКУ) - аймактык уюм болуп саналат жана ал 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия тарабынан мүчө-мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, техникалык жана маданий кызматташууну алга жылдыруу максатында түзүлгөн.

Иран, Пакистан, Түркия, Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө болуп саналышат.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+5°C Тегеран
 0°C Москва
-1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+12°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент