• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 17/10 - 10:09

Америка Иракты Иранга каршы санкциялардан бошотуу мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

Бул тууралуу “Iraq Oil Report” маалыматтык сайты билдиргенин “IRNA NEWS” агенттиги маалымдады.
Американын тышкы иштер министрлиги “Ирак Иранга каршы санкциялардан дагы үч айга бошотулду жана энергетикалык импортторун уланта алат”, - деп жарыялаган.

Июнь айында Иракка Ирандан газ импорттоосу жана электр энергиясын колдоно алуусу үчүн берилген санкциядан бошотуу мөөнөтү кечээ, шаршемби күнү аяктаган.

Ирак өкмөтүнүн маалымат булактарынын биринин билдирүүсүнө караганда, санкциялардан бошотуу өлкөнүн өкмөт башчысы Адель Абдул-Махди менен АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун телефондо сүйлөшүүсүндө тастыкталган.

Эскерте кетсек, Америка 2018-жылдын май айында эл аралык өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы мыйзамсыз санкцияларын кайтаргандан бери Ирак үчүн санкциялардан бошотуу мөөнөтүн буга чейин бир нече ирет узартты.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент