• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 15/10 - 14:08

Ош, 15-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун башчысынын орун басары Сыяр Кален уулу менен жолукту.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун алкагында, эки тараптуу кызматташуулар талкууланып, шаардагы ишканаларды калыбына келтирүү, айыл чарба азык-түлүктөрдү кайра иштетүү, таза продукцияларды, анын ичинен эт азыктарын экспорттоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле, Ош шаары бул облус менен тыгыз кызматташууларды жүзөгө ашыруу тууралуу да кеңешилди.

Коноктор аларды жылуу тосуп алышканы үчүн ыраазычылык билдиришип, Ош шаарында акыркы жылдары жакшы өнүгүүлөр болуп жатканын белгилешти.

Жыйынтыгында, тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, достук мамилени чыңдоо, анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды жакшыртуу, ишкерлерди колдоо жана айыл-чарба өндүрүштөрү менен жаңы ишканаларды ачуу тууралуу келишишти. 

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент