• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 04/07 - 10:49

Кечээ, шаршемби күнү Индиянын тышкы иштер министри өлкөсү Иран менен соода алакаларын токтопосун жана ага үчүнчү өлкө таасир бере албай турганын баса белгиледи.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Индия өкмөтү Американын эскертүүлөрүнө жана коркутууларына карабай, Иран менен соода алакаларын токтотуу ниети жок экенин жана эки өлкөнүн мамилелерине үчүнчү өлкө таасир бере албасын  дагы бир жолу баса белгиледи.
Индиянын тышкы иштер министри “Индия өкмөтү Иран менен соода тармагындагы мамилелерин токтотобу?” жана “Америка Индия өкмөтүн Иран менен соода байланыштарын үзүү үчүн кысымга алдыбы?” деген суроолорго “Индия Иран менен соода алакаларын токтотпойт жана Иран менен Индиянын эки тараптуу мамилелери көз карандысыз жана эч кандай үчүнчү өлкө ага таасир бере албайт”, - деп жооп берди.
Американын президенти Дональд Трамп мындан бир нече күн мурун Японияда G20 саммитинин алкагында Индиянын өкмөт башчысы менен жолугушуп, бир катар маселелер, анын ичинде Иран тууралуу дагы сүйлөшкөн.
Маалымат булактары Индиянын өкмөт башчысы бул жолугушууда өлкөсү энергетикалык тармактагы камсыз кылынышы боюнча тынчсызданып жатканын баса белгилегенин жана жолугушуунун аягында эки тарап Иран боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашышканын маалымдашкан.
Индия Ирандан энергия импорттогон Азиядагы маанилүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ошондой эле Ирандын экинчи ири мунай кардары болуп эсептелет. Бирок, азыркы учурда Американын санкцияларынан улам Ирандан мунай импортун азайтууга мажбур болду.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
-7°C Москва
-9°C Алматы
-8°C Бишкек
-20°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+1°C Ашхабад
+6°C Ташкент