• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Экономика - Published: 03/07 - 15:13

Москва өзөктүк келишимдин европалык мүчөлөрүнүн инстексти Иран менен соода-сатык мамилелеринде натыйжалуу жана реалдуу механизм катары ишке ашырууларын каалайт.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин Sputnik агенттиги маалымдады.
“Эгер биз өзөктүк келишимдин сакталышы зарыл экенин айта турган болсок, албетте бул баардыгыбыздын, келишимде калган мүчөлөрдүн милдети болуп саналат. Бул бир гана биз жалгыз эле Ирандан милдеттемелерин аткаруусун талап кылышыбыз керек дегенди түшүндүрбөйт. Өзөктүк келишимдин башка тарапташтары Иран эмне кылып жатканын гана аңдып, Американын кысымынын алдында калбоо үчүн аракет кылып жаткандай шек жаратууда”, - деди Сергей Лавров.
Ошондой эле ал, “Европалыктардын баарынан кандай гана болбосун өздөрүнүн убадаларын жана милдеттерин аткаруусун сурайбыз жана пландалган механизмди натыйжалуу жана реалдуу механизм катары ишке ашырууларын жана Иранга соода-эконмикалык тармагындагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин астындагы укуктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүлөрүн суранабыз. Ансыз өзөктүк келишимдин сакталышы үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү өтө кыйын. Бирок, биз бул маанилүү келишимдин сакталышы үчүн колубуздан келгенин жасайбыз”, - деп баса белгиледи.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-16°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+7°C Ташкент