• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 06/11 - 10:17

Бул тууралуу кечээ, шейшемби күнү Ирандын президенти Хасан Рухани билдирди.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани шейшемби күнү Тегерандагы “Азади” инновациялык заводунун ачылыш аземинде өзөктүк келишим боюнча сөз сүйлөп, ага ылайык, “Форду” өзөктүк объектисинде 1044 даана центрифугалар ишке киррерин, бирок алар газ менен толтурула электигин билдирип, “Эртеңден баштап газ менен толтуруу иштери башталат”, - деди.

Хасан Рухани өзөктүк келишимдин бардык тарапташтары Иран келишимди жалгыз бир тараптуу аткара албай тургандыгын түшүнүшү керектигин баса белгилеп, “Өзөктүк келишимдин бардык тараптарында санкциялардын, анын ичинде металл, камсыздандыруу, мунай жана банк тармактарындагы санкциялардын жоюлушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүлөрү үчүн эки ай убакыт бар”, - деди.

“Ирандын жаңы кадамдары Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) тарабынан көзөмөлгө алынат. Ал эми төртүнчү кадамды кайрадан толугу менен калыбына келтирүүгө болот”, - деди Иран президенти.

Өлкө президенти ошондой эле, Иран эли чыдамдуу жана диалогго даяр турган эл экенин баса белгилеп, “Иран тандап алган жол туптуура”, - деди.

Белгилей кетсек, АКШ 2018-жылы 8-майдв 2015-жылы макулдашылган өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.
Америка келишимден чыккандан кийин бир жылдан соң жана Европа тараптан Вашингтон жарыялаган санкциялардын ордун толтуруу боюнча  берилген убадалар аткарылбагандан кийин, Тегеран аталган келишим боюнча өз милдеттенмелерин кыскартуу боюнча кадамдарын баштаган.

Ирандын милдеттемелерин азайтуусу уранды байытуу боюнча чектөөдөн ашырылышын, аз байытылган уран корунун өсүшүн жана өзөктүк келишим боюнча изилдөө жана өнүктүрүү боюнча бардык милдеттенмелерин токтотууну камтыйт.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент