• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 04/11 - 16:48

Ирак парламентиндеги “Аль-Бина” альянсынын өкүлү Ханин аль-Каду АКШнын Иракка каршы жаны пландары туурасында эскертүү берип, Америка Ирактын учурдагы бийлигин кулатып, өлкөнү бөлүп-жарууну пландап жатат деп билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Ханин аль-Каду “Аlmaalomah” агенттигине “Вашингтон суннилердин жогорку даражалуу лидерлери менен аймак түзүү маселесин жана Иракты суннилердин, шииттердин жана күрттөрдүн аймагына бөлүүнү ишке ашырууну пландаштырып жатат” , - деп билдирди.

Анын айтымында, Американын планы боюнча суннилердин аймагына Аль-Анбар, Салах-эд-Дин провинциялары жана Найнава менен Дияла провинцияларынын бөлүктөрү кирет. Анын билдирүүсүнө караганда, күрт күчтөрү дагы Ирактан бөлүнүп, жетишкендикке ээ болуу үчүн сунни лидерлеринин суннилердин аймагын түзүү үчүн жасаган аракеттерин колдоодо.

Ханин аль-Каду Америка Ирактын диний агымдарга бөлүнүшүн колдоорун жана Адиль Абдул-Махдинин өкмөтүн кулатуу менен суннилерге таандык аймак түзүүгө аракет кылып жатат деп эсептейт. Ирактын ФАТХ альянсы дагы кечээ, 3-ноябрда Америка менен Израиль күрттөрдүн өлкөсүн түзүү үчүн референдум өткөрүүгө дагы аракет кылып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, Ирак эли 25-октябрда кайрадан нааразычылыкка чыгышкан. Демонстрациялар башталганда эле көптөгөн эксперттер Америка, Сауд Аравия жана БАЭ бир нече ай мурун эле бул демонстрацияларга даярданышканын билдиришкен. Алардын айтымында, Америка менен БАЭ демонстарцияларды өткөрүүнү пландаштырууга жооптуу. Ал эми Сауд Аравия болсо бул планды каржылоо жоопкерчилигин алган. Бул өлкөлөр Ирак элинин мыйзамдуу демонстарцияларын кыянаттык менен колдонуп, нааразычылыкты күчөтүүнү көздөөдө.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент