• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 01/11 - 17:57

Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири Шанхай кызматташтык уюму Азиядагы эң маанилүү уюмдардын бири экенин белгилеп, Иран дагы бул уюмдун негизги мүчөсүнө айланууга кызыкдар деп билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Эсхак Жахангири бүгүн, 1-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент шаарына учуп барды. Аны Ислам Каримов атындагы Ташкент эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Азиз Абдухакимов, тышкы иштер министрлигинин орун басары, Ташкенттин мэри жана Ирандын Өзбекстандагы элчиси тосуп алды.

Жахангири Өзбекстандагы сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин он сегизинчи  жыйынына катышуудан тышкары, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана жыйынга катышкан бир катар аткаминерлер менен жолугушуп, аймактык жана эл аралык маанилүү маселелерди, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулайт.

Жахангири Ташкентке келгенден кийин ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышууга Өзбекстандын премьер-министринин чакыруусу менен келгенин кабарчылардын алдында билдирди. “Шанхай кызматташтык уюму Азияда түзүлгөн эң маанилүү уюмдардын бири болуп саналат. Бул уюмга Орусия жана Кытай сыяктуу маанилүү өлкөлөр мүчөлүк кылат. Жакында эле Индия менен Пакистан дагы бул уюмга негизги мүчө катары кабыл алынды”, - деди ал.

“Иран дагы ШКУнун негизги мүчөсү болууга кызыкдар”, - деп билдирди Жахангири. Мындан тышкары, ал эл аралык жана дүйнөлүк башкаруу маселелерин көп тараптуулук аркылуу гана чечүү мүмкүн экенин айтты. “Америка бийлигинин бир тараптуулугунун каршысында аймактардагы уюмдарды бекемдөө менен көп тараптуулукту алдыга жылдыра алабыз. Көп тараптуулук бул дүйнө кабыл алуу керек болгон жол” , - деп баса белгиледи. Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири Өзбекстанда боло турган эки күндүк сапарынын жүрүшүндө ошондой эле Самаркан шаарынын кээ бир тарыхый жайларында болот.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент