• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 31/10 - 10:49

Сириянын Баш мыйзамы боюнча комитет кечээ, шаршемби күнү Швейцариянын Женева шаарында 150 мүчөнүн катышуусу менен башталды.

“IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен жыйындын башында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-токтомунун алкагында Сириянын Баш мыйзамы боюнча комитетинин иштеп баштоосу өлкөдөгү саясий кризисти чечүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат деп билдирди.

“Биз азыр тарыхый мүнөттөрдүн алдында турабыз жана илимий багытта Сирия коомунун абдан маанилүү маселелерин карап жатабыз. Сириянын келечегин түзө турган өлкө эли болуп саналат. Баш мыйзам боюнча комитет мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, толуктоого жана аны Сирия эли менен макулдашууга милдеттүү”, - деди Гейр Педерсен.

Ошондой эле, “Сирия калкы чечим кабыл алуусу үчүн комитетке мүчө болгон сириялыктар долбоорду иштеп чыгасыздар. Бул комитет Сириянын 2012-жылы кабыл алынган Баш мыйзамын карап чыгат же аны өзгөртүү боюнча доолбоор түзөт  ”, - деди ал.

БУУнун өкүлү аталган комитет Сириянын Эгемендүүлүгүнө, биримдигине жана бүтүндүгүнө умтулууга тийиш экенин баса белгиледи.

Жыйында Сириянын оппозициясынын төрагасы мындай деди: “Биз элдин талаптарына жооп берген, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-токтомуна ылайык келген сектанттык эмес Баш мыйзамды иштеп чыгууну баштайбыз жана БУУнун көзөмөлү астында шайлоо өткөрүүнү колдойбуз”, - деди.

Сириянын Баш мыйзамы боюнча комитеттин алгачкы жыйыны 30-октябрда Женевада БУУнун штабында комитеттин 150 мүчөсүнүн катышуусу менен башталды.

Жыйын делегаттардын жолугушуулары менен уланып жатат жана комитеттин 45 мүчөдөн турган чакан тобунун жыйыны келерки жума күнгө чейин уланат.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент