• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 30/10 - 12:36

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги МАГАТЭнин жаңы башчысы болуп дайындалган Рафаэль Гросси Иран тууралуу биринчи билдирүүсүндө Иран боюнча калыс иш-аракет кыларын убадалады.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги жазды. Бразилия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн колдоосу менен добуштардын үчтөн эки бөлүгүн алган Рафаэль Гросси кабарчылар менен болгон сүйлөшүүсүндө алардын Иран боюнча берген суроолоруна жооп берип жатып, буга байланыштуу ишин өз алдынча адилеттик менен жана калыс аткарарын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, аргентиналык дипломат Рафаэль Гросси МАГАТЭнин  Иран менен өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн делегациянын жогорку даражалуу мүчөсү болгон. Гросси ушул жылдын июль айында көз жумаган МАГАТЭнин мурунку башчысы Юкия Аманонун убагында Аманонун орун басарларынын бири болгон, бирок 2013-жылы кызматынан кеткен болчу.

28-октябрда “The Wall Street Journal” басылмасы Аргентинанын Австриядагы туруктуу өкүлү Рафаэль Гросси Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги МАГАТЭнин жаңы башчысы болуп шайланганын маалымдаган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент