• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 28/10 - 12:00

Ирактын премьер-министри Адиль Абдул Махди ИШИМ террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин өлтүрүлгөндү боюнча билдирүү жасап, Багдади өткөн жылы июнда башталган операциянын алкагында өлтүрүлдү деп билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. “AlsumariaNews” агенттиги маалымдагандай, Ирактын премьер-министри өткөн жылы башталган бул операцияда Багдадинин кайсыл жерде жүргөнүн билүүдө роль ойногон анын үй-бүлөсүнүн жакындары дагы камакка алынганын билдирди.

Кечээ, 27-октябрда Ирактын армиясы билдирүү жасап, Ирактын улуттук чалгындоо уюму ИШИМ террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин кайсыл жерде жашынып жүргөнүн аныктап, Американын күчтөрүнө маалымдаганын билдирген.

“Reuters” агенттиги маалымдагандай, Ирак армиясынын билдирүүсүндө Америка ИШИМдин лидери өлтүрүлгөн операцияны Багдад менен макулдашканы айтылат.

Кечээ, 27-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Американын күчтөрү Сириянын түндүк-батышында жасаган операцияда ИШИМдин лидери аль-Багдадини жок кылышканын расмий билдирген.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент