• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 26/10 - 12:40

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Сириядагы кырдаал боюнча Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Сириянын бардык аймактарында Дамаск өкмөтүнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин сактоого чакырды.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “RT” агенттигине шилтеме берип жазды. Анын айтымында, Сирия боюнча туруктуулукту калыбына келтирүү жана Сириянын борбордук өкмөтүнүн өлкө боюнча эгемендик орнотуу маселелси Орусия менен Түркиянын ортосундагы Сириянын түндүк-чыгышы боюнча акыркы макулдашуусунда негизги темалардын бири болгон.

Ал Сириядагы күрттөрдүн маселесин чечүү Дамасктын өлкө боюнча көзөмөл орнотуусун калыбына келтирмейинче мүмкүн эмес деп билдирди. Ошондой эле ал сириялык качкындарды кайтаруу боюнча шарттарды камсыз кылуу үчүн Сирияда мыйзамсыз жүргөн бардык чет өлкөлүк күчтөр Сирия аймагынан чыгышы керек деп билдирди.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Орусия менен Түркиянын президенттери Сочиде жолугушуп, 10 пункттан турган меморандумга кол коюшкан. Ал боюнча күрт кошуундары чек арадагы “коопсуздук зонасынан” 150 сааттын ичинде чыгып кетиши керек экендиги айтылган. Түркия 9-октябрда  Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына каршы аскердик операция баштаган. Анкара ал кошуундарды террордук уюм катары эсептейт.

"Тынчтык булагы" операциясы күрт кошуундары менен ИШИМ террордук уюмуна каршы багытталган. Анкара Сириянын түндүк аймагында сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн “коопсуздук зонасын” түзүүнү пландаштырууда.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент