• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 25/10 - 16:27

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кечээ, 24-октябрда Америка жана Европа өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрүнүн “Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” өкүлдөрү менен болгон жолугушууларын сынга алды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. “Франция, Германия жана Америка террордук топтордун лидерлери жолугушуп жатат”,- деп билдирди Эрдоган TRT телеканалына берген маегинде.

Ал ошондой эле НАТОго мүчө кээ бир өлкөлөр “YPG” жана “PKK” террордук топторуна курал-жарак жөнөтүп жаткандыгын билдирип, “НАТОнун 5-пунктуна ылайык биз бири-бирибизди коргошубуз керек, бирок Америка террордук топторго жүк ташуучу унааларды жөнөтүп жатат”, - деди.

Эрдоган Американын саясаттары боюнча мындай деди: “Биз бир жагынан террорчулукка каршы күрөшүү туурасында айтып жатабыз, башка жанынан  Америка террорчулары кубаттап жатат”. “Күрттөр биздин бир туугандар, биздин алар менен көйгөйүбүз жок. Биз бир гана террорчулар менен күрөшүп жатабыз”, - деп баса белгиледи түрк лидери.

Ал Түркия террорчулар менен сүйлөшүү үстөлүнө отурбай тургандыгын айтып, Сириянын түндүгүндөгү ок атууну токтотуу келишими террорчулар менен эмес, АКШ менен жетишилгенин белгиледи.

Мындан тышкары, Эрдоган 13-ноябрда Америкага сапары менен барарын билдирди. Ал ошондой эле АКШны “Сириянын демократиялык күчтөрүнүн” командири Мазлум Кобани Абдини Анкарага өткөрүп берүүнү талап кылды. Эрдоган Кобани издөөдөгү террорчу экенин билдирди. Анын айтымында, түрк армиясы Сириянын түндүк-чыгышындагы Эт-Телль-эль-Абьяд аймагынан тартып, Рас-эль-Айн аймагына чейин толук көзөмөл орнотту. Түрк президенти Сочидеги  Орусия менен түзүлгөн акыркы келишим туурасында билдирип, Орусия жана Сириянын армиясы  террорчуларды чек арадан 30 км.ге чейин сүрүп чыгарат деди.

“Сочидеги келишимге ылайык, Манбиж жана Телль-Рифъат шаарлары дагы террорчулардан тазаланат”, - деп кошумчалады Эрдоган. Анын билдирүүсү боюнча, Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү операциясы 1998-жылы Сирия жана Түркиянын ортосунда түзүлгөн “Адана келишиминин” негизинде жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Түркиянын армиясы  9-октябрдан тарта Сириянын түндүк-чыгышында күрт кошуундарына каршы "Тынчтык булагы" аттуу операциясын баштаган. Бул аскердик операция  күрт кошуундары менен ИШИМ террордук уюмуна каршы багытталган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент