• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 24/10 - 16:26

БУУнун Адам укуктары боюнча баяндамачысы Майкл Линк бейшемби күнү эртең менен эл аралык коомчулукту сионист режимдин баскынчылыгын токтотууга чакырды.

Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.
Бириккен Улуттар Уюмунун интернет базасында жарыяланган маалыматка ылайык, Майкл Линк шаршемби күнү уюмдун Башкы Ассамблеясында жарыялаган отчетунда азыркы учурда Израиль баскынчылык саясаты менен канчалаган жерлерди өзүнүн аймагына кошуп алганын, эл аралык коомчулук аралашпаса, бул иш улана берерин айтты.
“Эл аралык коомчулук Израилдин баскынчылыгын айыптап, токтомдорду чыгарган. Бирок, канча убакыттан бери алар ишке ашырылбай келет”, - деди Майкл Линк.
Ошондой эле ал, “Израилдин баскынчылыгы 52 жылдан бери уланып келе жатат жана дүйнө тарыхындагы эң узун баскынчылык болду. Израиль эл аралык коомчулуктун алсыз саясий эркине таянат. Батыш өлкөлөрү Израилдин баскынчылыгын токтотуу үчүн эч кандай чара көрүшпөйт”, -деп баса белгиледи.

БУУнун Адам укуктары боюнча баяндамачысы Израиль агрессивдүү аракеттерин токтотпосо, эл аралык коомчулук бул режимге карата иш-чараларды көрүшү керектигин жана аларды оордотушу зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары, ал Газа тилкесинде гуманитардык абал өтө оор экенин, 2018-жылдан бери 200дөн ашык палестиналык Израиль күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөнүн кошумчалады.

Майкл Линк сөзүнүн аягында эл аралык коомчулукту палестиналыктардын үйлөрүнүн жок кылынып жатышына жана сионист режими тараптан Батыш Шериада жана Иерусалимдин чыгыш бөлүгүндө жаңы конуштар курулуп жатканына көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+5°C Тегеран
 0°C Москва
-1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+12°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент