• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 24/10 - 12:12

ИИРдин президенти: Ислам Ыңкылабынын жолу Ислам пайгамбарынын жолу жана Аллах Таала бизге андан үлгү алууга буйруган.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Хасан Рухани 23-октябрда өкмөттүк делегация менен жолугушуу өткөрүп, сөз сүйлөдү.
“Эгер биздин жүрүм-турумубуз, адеп-ахлагыбыз, кичи пейилдигибиз пайгамбардын (с.а.в) жашоосуна окшош болсо жана анын жашоосун үлгү кылган болсок, анда биз чыныгы Ислам жана ыйман жолундабыз,”-деди Иран президенти.

Хасан Рухани тарыхка кайрылып мындай деди: “Тынчтыкта баатыр жана тайманбас бойдон калуу согуш майданындагы баатырлыкка караганда алда канча оорураак жана имам Хасан (а.с) ушундай тайманбастыгы менен белгилүү болгон. Бул үчүн ага катуу сындап кат жазышкан, бирок имам Ислам үммөтүнүн жакшылыгы үчүн душмандын сунуштаган тынчтык катына кол койгон.”

Ал өз өлкөсүнүн экономикалык өнүгүүлөрүнөн мисал келтирип мындай деди: Иран 3 жыл мурда дүйнөдөгү ири экономикалык өсүүгө ээ болду. Бул жылы Ирандын экспорту импортуна караганда алда канча жогорулап, күйүүчү май, дизель, буудай, жада калса өсүмдүк майлары менен өзүн-өзү камсыз кылды.

Хасан Рухани душмандар санкция киргизүү менен Ирандын системасын бузууга максат коюшканын айтып, мындай деп белгиледи: Иран эли душмандардын калпына алдангандай акмак эмес.  Иран өз кудурети жана намысы менен өнүгүп-өсүү жолунда дагы да кадамдарын арыштай бермекчи.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+5°C Тегеран
 0°C Москва
-1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+12°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент