• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 23/10 - 14:25

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сочи шаарында өткөн бир нече сааттык жолугушуусунан кийин, Сириянын түндүгүндө коопсуздук кырдаал боюнча 10 макулдашууга кол коюшту.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Макулдашуунун биринчи пунктунда Орусия менен Түркиянын президенттери Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин коргоого басым жасашты. Ошондой эле Сирияда террорчулукка каршы күрөшүүнү баса белгилешти.

Макулдашууга ылайык, күрттөрдүн бардык күчтөрү Сириянын түндүгүнөн чыгарылат.
Келишимде 23-октябрда саат 12:00дөн баштап Орусиянын аскердик полициясы жана Сириянын чек ара коргоочулары Сирия менен Түркиянын чек ара аймактарына киришери белгиленди. Алар күрт күчтөрүнүн жана алардын курал-жарактарынын Түркия менен Сириянын чек арасынан 30 чакырымга алыс чыгарылышын жеңилдетишмекчи.

Мындан тышкары, Орусия менен Түркия “Астана” сүйлөшүүлөрүнүн алкагында   Сириядагы кризисти токтотуу үчүн саясий чечим табууну улантууга макулдашышты.

Белгилей кетсек, 9-октябрда Түркиянын армиясы “террорчулукка каршы күрөш” жана “Сирия менен Түркиянын чек арасын күрт күчтөрүнөн тазалоо” деген шылтоо менен Режеп Тайип Эрдогандын буйругуна ылайык, Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштаган.

Бул кол салуу өткөн бейшемби күнү 5 күндүк мөөнөткө ок атууну токтотуу боюнча Түркия менен Американын макулдашуусунан кийин токтогон.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент