• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 22/10 - 14:05

Германиянын Бундестагынын төрагасынын орун басары Сириянын түндүгүнө баскынчылык кылганы үчүн Түркияга санкция жарыялоого жана кысым көрсөтүүгө чакырды.

Бул тууралуу «Tasnim News» агенттиги маалымдады.
Германиянын Бундестагынын төрагасынын орун басары Клаудия Рот “Dewalt” гезити менен болгон маегинде, “Мен Сириянын түндүгүндөгү чыр-чатакты токтотуу үчүн түзүлгөн Түркия менен Американын ортосундагы ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга ишенбейм. Бул сүйлөшүүлөргө күрттөр катышкан жок”, - деп билдирди.

Ошондой эле ал Анкара менен АКШнын ортосундагы макулдашууну АКШнын жоопкерчиликсиз саясатын көз жаздымда калтыруу үчүн кылган аракети деп бааларын, бул кырдаалдын натыйжасы оор болорун баса белгилеп, Вашингтон мындан ары ишенимдүү өнөктөш болуп эсептелбесин билдирди.

“Кандай болбосун бир нерсе ачык көрүнүп турат. Бул Түркия президентинин эл аралык мыйзамга ылайык келбеген жана аймактагы гуманитардык кризисти ого бетер күчөткөн аракети болду. ИШИМдин башка согушкерлери курчоодо болбосо, бир эле аймак эмес, балким бүтүндөй Европа коркунучта болот. Бирок, ушундай учурда НАТО эч нерсе дебестен турат”, - деди Клаудия Рот.

Ал Режеп Тайип Эрдоган дайыма Германияны өзүнүн улутчул аракеттери үчүн оюн аянтчасы катары пайдаланууга аракет кылып келет деп билдирди.
Мындан тышкары, “Күрттөр Сирияда ИШИМ менен күрөшүүдө жана биздин коопсуздугубуз үчүн көп жабыр тартышты жана азыркы учурда дагы алар жалгыз калууда”, - деди.

“Бул маселе абдан маанилүү жана Германия өкмөтү жана НАТО бул маселени ачыкташыбыз керек. Биз Эрдоганды колдобойбуз жана ал бизден колдоо күтпөй эле койсун”, - деди Германиянын өкүлү.

Клаудия Рот Түркияга бардык курал экспортун токтотууну талап кылды жана Түркияга каршы экономикалык санкцияларды жарыялоого чакырды.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+5°C Тегеран
 0°C Москва
-1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+12°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент