• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 21/10 - 12:10

Орусия өкмөтү Ирандын жардамы менен Анкара-Дамасктын түз диалогуна жол ачат.

Бул тууралуу "Fars News" агенттиги Түркиянын "Хурриет" гезитине шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, Америка президентинин орун басары Майк Пенс менен Мамлекеттик катчысы  Майк Помпео Түркияга сапар тартуулары менен бир убакта  Орусиянын атайын делегациясы дагы бул өлкөгө Сириядагы акыркы маселелерди талкуулоо максатында сапар тарткан.

Эске салсак, бул делегацияны Путиндин атайын дайындаган өкүлү Александр Лаврентьев жетектеген.  Ал Анкарадан соң Дамаскка жөнөп, өлкөнүн президенти Башар Асад менен жолугушуп, Түркиядагы диалогдору боюнча  кеңешишкен.

Бул жолугушуулардан соң, Орусия делегациясы билдирүү жасап, диалогдордун максаты - Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо менен Чыгыш Фираттагы туруктуу бейпилдикти  жаратуу экенин белгилеген.

"Хурриет" гезити Орусиянын элчиси мурдараак Асад өкмөтү менен күрт сепаратисттеринин байланыштыруу өкүлдөрү менен кеп-кеңеш өткөргөнүн кошумчалаган.

Орусия дипломаттары буга кошумча Ирандын ТИМ жетекчиси менен да Анкара-Дамаск диалогун уюштуруу боюнча сүйлөшүшкөн. Сергей Лавровдун Мухаммад Жавад Зарифке 17-октябрда телефон чалуусу да буга мисал.

"Хурриет" гезити макаласынын уландысында Орусия менен Иран Түркиянын Сирия өкмөтү менен диалог жүргүзүүсүнө басым кылып жатканын жазган.

Бул гезит Орусия Түркия менен Сириянын түздөн-түз диалог жүргүзүү идеясын келээрки 22-октябрда Владимиир Путиндин Режеп Таип Эрдоган менен боло турган Сочидеги жолугушуусунда кайрадан ортого салаарын жазды.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент