• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 19/10 - 13:43

Сириянын президенти Башар Асад Орусиянын Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев жана тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин менен жолугушту.

Бул тууралуу “Tasnim” агенттиги “SANA” агенттигине шилтеме берип жазды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Сириядагы окуяларды, айрыкча Аль-Жазира аймагындагы абалды жана Түркиянын аскердик операциясы туурасындагы маселелерди талкуулашып, пикир алмашышты.

Сириянын президенти Башар Асад өз кезегинде Түркиянын чабуулдарын токтотууга аракет кылуу жана Сириядагы чет өлкөлүк күчтөрдү чыгаруу зарылчылыгын баса белгиледи. Ал Сириядагы чет өлкөлүк күчтөр мыйзам жана эл аралык конвенциялар боюнча баскынчы болуп саналарын айтып, Сирия эли аларга каршы турууга укуктуу деди.

Орусиянын делегация өкүлдөрү өз кезегинде Сириянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдоорун белгилешти. Ошондой эле алар Сирия бийлигине каршы жасалган ар кандай аракеттерге каршы экендигин белгилешип, мындай аракеттер кырдаалды ого бетер татаалдатып, согушту токтотууга жасалган аракеттерге таасирин тийгизет дешти.

Мындан тышкары, тараптар Конституциялык комитеттин биринчи жыйынын өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар туурасында пикир алмашышты.

Жолугушууга Сириянын Улуттук коопсуздук бюросунун башчысы Али Мамлюк жана Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Аман Сусан дагы катышты.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент