• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Башкы жаңылыктар - Published: 19/10 - 09:48

Иран менен Кыргызстандын 28 жылдык мамилелеринин убагында 56 макулдашууга жана 48 меморандумга кол коюлган.

"Fars News" агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Тегерандагы элчиси Авазбек Абдуразаков Иран Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн тааныган биринчи өлкөлөрдөн болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө  28 жыл толгондугуна байланыштуу  Тегеранда атайын маараке өткөрүлдү. Бул мааракенин ардактуу конокторунан болгон Тегерандагы Кыргызстандын толук жана атайын ыйгарымдуу элчиси сөз сүйлөдү.

“1992-жылы Ирандын элчилиги Бишкекте ачылып, 1996-жылы Кыргызстандын элчилиги Тегеранда ачылгандан бери эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери өнүгүп келе жатат. Бул аралыкта өкмөттөр арасында 56 макулдашууга жана 48 меморандумга кол коюлган”,- деди Авазбек Абдуразаков.

Ал мындай деп кошумчалады: Билим берүү тармагында жана маданий кызматташуларда, баңги заттарга жана кылмыштуу уюмдарга каршы күрөшүүдө эки өлкө бири-бири менен тыгыз иштешип келишет.

Авазбек Абдуразаков мындай деди: Кыргызстан ИИР аркылуу араб жана Европа өлкөлөрүнө товар өткөрүү максатында жол ачылуусуна кызыкдар. Андыктан экономикалык, илимий, билим берүү, гуманитардык жана бир канча эки тараптуу кызматташууларды кеңейтүү максатында жаңы темир жол ачуу керек.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Иран маданият, кино, спорт жана билим берүү боюнча көбүрөөк кызматташуу керектигин билдирди.

 Кыргызстандын Тегерандагы элчиси Ош шаарында спорт комплексинин курулуусуна 1 млн. доллар бөлүп бергендиги үчүн Иран тарапка ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн карым-катнаштары мындан ары дагы өөрчүй берээрине үмүттөнөөрүн айтты.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
+1°C Алматы
 0°C Бишкек
-25°C Астана
+13°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+11°C Ташкент