• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 20/11 - 16:08

ИИРдин Руханий лидери экономикалык ишмерлер жана өндүрүшчүлөр менен жолугушту.

Mehr  агенттигинин маалыматына ылайык, Азирети Аятолла Хаменеи Ирандагы акыркы башаламандыктарга карата билдирүү жасады.
“Достор жана душмандар билип коюшсун; биз аскердик, саясий жана коопсуздук  тирешүү чөйрөсүндө душмандарды артка чегинттик”,-деди саид Али Хаменеи.

Белгилей кетсек, ИИРдин Руханий лидери Аятолла Хаменеи 19-ноябрда өлкөдөгү 2500 белгилүү экономикалык ишмерлер жана  өндүрүшчүлөр  менен жолугушуу өткөрүп, исламдык системада улуттук байлык жана коомдук бакубаттуулукту кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Ал чет өлкөлөргө үмүттөнбөө керектигин билдирип мындай деди: “Экономиканы санкциялардын зыяндарынан ички өндүрүштү өнүктүрүү жана бекемдөө аркылуу гана сактоого болот. Мен дагы бул маселени ар дайым колдоп, өлкөнүн чыныгы өнүгүү жолуна түшүүсүн ар дайым кубаттап келем.”
Азирети Аятолла Хаменеи экономисттер менен өндүрүшчүлөрдүн алдында төмөнкү бир нече маселелерге токтоло кетти.

Исламда коомдуу байытуунун баалуулугу

Өлкөнү өнүктүрүүдө жана маселелерди чечүүдө чет өлкөлөргө гана үмүттөнүп, алардын чечимин күтүп отуруу туура эмес. Эң алгач өлкө ичиндеги мүмкүнчүлүктөргө таянып, күчтөргө колдоо көрсөтүү керек, -деди саид Али Хамени.

Руханий лидер Ислам системасында экономиканын ролу өтө  маанилүү экенин билдирип, мындай деп кошумчалады: Исламда коомду байытуу, улуттук байлыктарды көбөйтүп, элдин бакубат жашоосуна шарт түзүп, коомдук булактардан адилеттүүлүк менен колдонуу өзүнчө бир баалуу нерсе. Бул нерселерге амал кылынса, коомдук катмарларда ажырым болбойт.

Ал ошондой эле өлкөлөр жана державалар арасында экономикалык тирешүү эч убакта токтобосуна ишаара кылып мындай деди: Учурда Америка президенттигинин бийлигинде экономикалык согуш Кытай, Корея, Европа жана башка чөлкөмдөр менен күндөн күнгө күчөп келе жатат, Ал эми  Иранга карата санкцияларды киргизүү менен Америка жапайылык, өчөшүү жана согуш аралашкан саясатын алып барууда.

Санкциялар бир-эки жылда аяктайт –деген калп кыялга батпоо

Ирандын Руханий лидери: “келээрки бир-эки жылда санкциялар бүтөт,”- деген калп кыялдарга батпоо керектигин билдирип мындай деди: “Державалардын саясаттарынан алынган тажрыйбаларга таянсак, санкциялар токтотулмак түгүл, эми эми гана башталып келе жатат - десек жаңылышпайбыз. Андыктан өлкөнү куткаруу үчүн санкциялардын аякташын же баланча өлкөнүн аракетин же чечимин күтүп отуруу туура эмес. Албетте, санкцияларды четке кагуу эң жакшы ыкма, бирок негизги күчүбүздү өлкөбүздү санкциялардын кесепеттеринен сактап калуубуз керек.”

Азирети Хаменеи мунай продукциясынан гана түшкөн каражаттарга көз каранды болуу учурдагы бюджетке дагы өз залакасын тийгизээрин билдирип, мындай деди: Мындай көз карандылык санкциялар менен азая түшкөндөй, бирок 70-жылдары, маркум Рафсанжанинин президенттик мөөнөтүндө да мунайга болгон көз карандуулугубузду акырындык менен азайтуу керектигин баса белгилеп келгем. Ал эми учурдагы маселелерди чечүү ички өндүрүштөрдү көтөрүү жана өнүктүрүү жолу менен гана ишке ашырылмакчы.

Акыркы жылдардагы эң кыйын маселелердин тамыры

Саид Али Хаменеи мындай деди: Бул жылдары айрым маселелердин баяны, мисалга: “Кийинки 6 айда эмне болот көрөбүз” же “өзөктүк келишим эмне болот?” Эми болсо: “Франция президентинин чечимине үмүттөнүп коюп отурабыз” - деген нерселер буга чейин эч маселени чечкен эмес жана чечпейт дагы. Эгер мекенибиздин экономисттери, даанышмандары ички мүмкүнчүлүктөргө таянуу менен санкциялардын мизин кайтара алса, санкциялар да бара-бара жоюлмакчы.”

Руханий лидер ошондой эле өлкөнүн ар бир экономикалык жана өндүрүш тармактарынын жетекчилерине ички мүмкүнчүлүктөрдү иштетүү боюнча бир канча сунуштарын айтты.

Ата мекендик өндүрүштө чет өлкөлүк белгилерди колдонуудан оолак болуу

Азирети Хаменеи ички өндүрүштөрдө чет өлкөлүк белгилерди колдонуу туура эмес экенин билдирип, бул нерсени оңдоону сунуштады. “Каржылык, акча, кредит, банк, бажылык иштер, бюджет жана  коомдук камсыздоо мыйзамдары өндүрүштөрдүн пайдасына өзгөртүлүшү зарыл жана импорттор менен спекуляция чөйрөсүн тарытуу керек.”

Азирети Хамени каржылык, акча-кредит саясаты туруктуу болуусун баса белгиледи

“Тажыйрбалар чет өлкөлүктөр эч убакта бизге негизги техникаларын бербестигин далилдеди. Айрыкча мунай, унаа жана мунай-химиялык иштетүүлөр боюнча Иранга атайын техникаларын беришкен жок. Андыктан өкмөттүк мекемелер бул технологияларга жетүү үчүн ички мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланышсын.

“Уранды байытууда 3,5%дан 20%га жеткирген татаал технологияга жетишкендер, мунай булактарын көбүрөөк жана жакшыраак чыгара алганга кудуреттери жетпейт деп ойлойсуңарбы?! Албетте, андайга күчү жетет, андыктан ушундай алмаштыргыс ички мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануубуз зарыл.

Эске салсак, ИИРдин Руханий лидери менен жолугушууга өлкөнүн экономикалык, өндүрүш жаатында кызмат аткарган бир топ жетекчилер катышышкан. Алардын ичинде Ирандын кооперативдик палатасынын директору, мунай өндүрүш жабдыктарын чыгаруу ишканасы, полимерлердин кошулмаларынын түрлөрүн чыгаруу ишканасы, Ирандын кеңселик машиналарын өндүрүү фирмасы, бут кийим жана тери өндүрүшү, балык өстүрүү бөлүмү, дары-дармек чыгаруу медфирмалар, алтын жана баалуу жасалгаларды өндүрүү бөлүмү, дарыя боюнча изилдөө жана өндүрүү делегациясы, Белуч кол өнөрлөр өндүрүшүнүн жетекчилери катышышкан.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+4°C Дүйшөмбү
+6°C Ашхабад
+3°C Ташкент