• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 19/11 - 18:35

Сауд Аравия баштаган эл аралык коалициянын Йеменге каршы агрессиясынын башталышына төрт жылдан ашуун убакыт өттү.

Бул мезгил аралыгында 100 минден ашуун йемендиктер набыт болуп, көптөгөн инфраструктуралар талкаланып, кол салуучулар тарабынан Йемендин мунай ресурстарынан миллиарддаган долларлар уурдалды. Бул туурасында «IRNA» агенттиги жазды. Чыр-чатактар болуп жаткан Йеменде агрессорлордун бул өлкөдө жасаган жаңы кылмыштары тууралуу маалыматтар күн сайын жарыяланып турат. Жакында эле Йемендин маалымат каражаттары йемендик бир аткаминерге шилтеме берип, бул өлкөдө бир жылда Сауд Аравия жетектеген коалиция тарабынан 7 миллиард доллар суммадагы мунай уурдалганын кабарлашты.

Йемендин мунай министри Ахмад Дарас мунай кирешесинен жылына 7 миллиард доллардан ашуун каражат сауд коалициясы тарабынан уурдалганын билдирди. Йемендин “Аlmasirah” агенттигинин маалыматына ылайык, Ахмад Дарастын айтымында, Мариб провинциясында эле мунайдан түшкөн киреше күнүнө 7 миллион йемен риалын түзөт, ал каражаттар сауд коалиция жана ага байланышкан күчтөр тарабынан уурдалат. Мариб провинциясында учурдагы мунай өндүрүмү күнүнө 80 миң баррелге жетет жана ал агрессорлор тарабынан жашыруун рынокторго сатылат. Йемендин мунай министри кошумчалагандай, Мариб провинциясында уурдалган мунай кирешелери менен эле Йемендин түндүгүндөгү Саада провинциясынан тартып, түштүктөгү Сокотра аралына чейинки аймактардагы бардык мамлекеттик кызматкерлердин бир жарым айлык эмгек акысын жапса болот.

Ошондой эле ал “Safer”  танкеринин Йемендин жээктеринде сауд коалициясы тарабынан токтотулуп  тургандыгы туурасында мындай деди: “1 млн. 178 миң литр мунай жүктөгөн бул кеменин денизде токтотулуп турушу айлана-чөйрөгө коркунуч туудурууда. Биз бул танкер маселесин чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан жардам сураганбыз, бирок азырынча жооп ала элекпиз”.

Сауд Аравия эл аралык коалицияны жетектеп, Американын жардамы менен Йемендин отставкага кеткен президенти Мансур Хадини бийликке кайра отургузуу үчүн 2015-жылдын 26-мартында эң жакыр араб өлкөсү Йеменге басып кирген. Бирок саудиялыктар Мансур Хадини бийликке кайтарууну эмес, Йеменде башка максаттарды көздөөдө. Йемендеги кырдаал күн сайын начарлап бара жатат, БУУнун маалыматы боюнча, бул өлкөнү каптаган ачарчылык - дүйнөдөгү эн ири гуманитардык катастрофага айланды.

Сауд коалициясынын төрт жылдан ашуун убакыттан бери Йеменге каршы жасаган чабуулдары бул өлкөдөгү саламаттык сактоо шарттарын дагы абдан кыйындатты. Бул өлкөдөгү кризис туурсында Эл аралык Кызыл Крест комитети дагы үн катты. Кызыл Крест комитетинин Жакынкы Чыгыш боюнча басма сөз катчысы Сара аль-Зукари сауд коалициясы 2015-жылы Йеменге каршы чабуулдарды баштагандан бери бул өлкөнүн медициналык борборлору жана медициналык кызматкерлери 165 жолу чабуулга кабылганын билдирген.

Анын айтымында, учурда Йеменде медициналык борборлордун 51%ы гана иштеп жатат. Ал бул өлкөдө холера жана менингит илдетине кабылгандардын саны өсүп жатканын айтып, бул оорулардын жайылышынын алдын алууга  мүмкүн эмес экенин, анткени бул өлкөнүн саламаттык сактоо системасы аталган оорулар менен күрөшүү жөндөмүнө ээ эмес экенин белгиледи. Анын билдирүүсүнө караганда, медициналык жабдуулардын, дары-дармектердин жана дарыгерлердин жоктугунан улам көптөгөн медициналык борборлор жабылып калган.

Йемендеги согуш инфраструктуралардын жана таза суу менен камсыздоочу системалардын талкаланышы алып келип, бул өлкөдө ар кандай инфекциялардын тароосун шарттады. Аймактык маселелер боюнча аналитиктердин айтымында, Йеменге каршы согуш талкалануу жана курмандыктардан башка эч кандай натыйжага алып келген жок жана келечекте дагы болбойт. Бул согуштан жана курчоолордон улам Йемендин экономикасы дагы талкаланды. Тамак-аштын жетишсиздиги, таза суунун жоктугу, санитардык-гигиеналык начар шарттар, медициналык жардамдын жоктугунан улам бул өлкөдөгү гуманитардык кырдаал күн сайын начарлап бара жатат. Сауд коалициясы Йемендин турак жайларын бир күн дагы бомбалабай койбойт. Акыркы жылдары көптөгөн эл аралык уюмдар Йеменде йемендиктер өлтүрүлөбү же алардын мунайы уурдалабы же башка кандай гана кылмыш болбосун көз жумуп келүүдө.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-2°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент