• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 14/11 - 10:33

Аймактык коопсуздук жана саясий маселелер боюнча серепчи: Тажикистандагы акыркы террордук окуя Ирандын Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту сактоо аракеттерине катышуусун талап кылат.

"Fars News" агенттигинин Дүйшөмбүдөгү кеңсесинин маалыматына ылайык, серепчи  Эсен Усубалиев Иран жана Борбор Азия өлкөлөрү менен коопсуздук боюнча кызматташуу маселесин караштырды.
Белгилей кетсек, өткөн аптада Тажикстан менен Өзбекстандын чегаралык аймагында террордук кол салуу болгон. Окуядан 6 чегарачы жоокерлер мерт кетип, чабуулду ИШИМ террордук уюму мойнуна алган.
Бул маселе Тажикстан менен Ооганстандын чегарасы коопсуз эмес экенин жана башка кошуна өлкөлөрдө кооптуулук күтүлөрүн айгинеледи.
Окуядан соң, колго түшүрүлгөн террорчулардын айтымында, Ооганстандан 20 мүчөдөн турган ИШИМ террорчулары Тажикстанга киришип, Ашхабад чегаралык базасына жакындашкан.

Бул ортодо кандайча Ооганстандан мыйзамсыз кирип, 200 км. аралыкты өтүү менен Өзбекстан чегаралык базага кайсы себептен келишкен? -деген суроолор туулат.
Албетте, Ооганстан менен Тажикстандын чегарасын кайтаруу маселеси Советтер Союзунан бери келе жаткан орчундуу маселелерге айланган.
Ал эми Тажикстан өкмөтү Орусия, Кытай жана Американын жардамы менен өзүнүн чегаралык базаларын бекемдөөгө аракет кылганы менен акыркы окуя алардын мындан ары да көбүрөөк аракет кылууларын талап кылаары анык. Анткени бул маселе бир гана Тажикстанга эмес, кошуна өлкөлөрдүн коопсуздук маселерине да тиешелүү.

Тажикистан менен Өзбекстандын чегаралык аймагындагы болгон террордук окуядан соң, ИШИМ мүчөлөрү атайын видеотасма жарыялашканы белгилүү. Анда бетин жапкан 6 адам, Багдадинин жаңы орун басары менен антташышаарын араб тилинде билдиришкен. Кызыгы, алардын араб тилинде гана сүйлөгөндөрү жана эч бир Борбор Азия элдеринин тилдеринде сүйлөбөгөнү өзүнчө бир табышмак. Балким, алар араб тилинде гана жарыялоо менен өз иш-аракеттери эл аралык деңгээлде экенин билдирүүнү каалашып же алардын кайсы улуттарда экени таанылбаган бойдон калуусун көздөшкөндүр.

Берилген маалыматтарга караштуу, кол салган сепаратисттер бир гана тажиктер эмес, түрк тилдүү, өзбек жана Ооганстандын Хурасан шаарынан жана уйгурлар да болгону айтылат.

Алдын ала өлүмгө даяр болушкан бул террорчулар, чегаралык базаны басып алып, андагы курал-жарактарды өлкөдөгү көмүскөдөгү ИШИМдин мүчөлөрүнө таратып, аларды да ушундай чегаралык кол салууларга үгүттөөнү максат коюшкандыр?  Же болбосо, өздөрүн бул аймакка жарыя кылып, ИШИМ тууралуу эске салууну пландаштырышкан болушу мүмкүн.

Эмнеси болсо дагы бул окуя бардык Борбордук Азия өлкөлөрүнө эскертүүчү коңгуроо болду. Тажикстан менен Өзбекстандын чегарасы акыркы 8-10 жылда тынч чегаралардан болгон. Ал эми 1999-2000-жылдары Өзбекстандын Ислам кыймылынын террорчулары ушуга окшош аракеттерди жасоо менен Кыргызстандын Баткен аймагына басып киришкени маалым.

Ошондуктан акыркы окуядан соң, Кыргызстан да өз тынчсыздануусун билдирип, Тажикстан менен байланышып, ал-акыбал сураса, Орусия жана Кытай дагы өз тынчсызданууларын билдиришкен.

Ал эми Ооганстан жетекчилеринин өлкө аркылуу Тажикстанга террорчулардын киргени тууралуу фактысын тастыктабаганынын себеби, Кабул түндүк провинция, алардын ичинде Калга Зал менен Кундузду көзөмөлгө ала албасында камтылат. ИШИМдин Жакынкы Чыгыштагы жеңилүүсү жана кийинки этапта Ооганстанга өткөрүлүп, Борбор Азия өлкөлөрүнө кирүүнү максат коюусу Орусия, Кытай жана Иранды тынчсыздантпай койбойт.

Ушул себептен Тажикстан менен Ирандын байланыштары жакшырса, Тегеран Борбордук Азияга эл аралык террорчулукка каршы күрөшүүдө жардам берүүсү пайдалуу болот эле.
Учурда Иран, Казакстан жана Түркмөнстан менен кызматташууларын жакшыртып, Евразия бажы биримдигине да кошулуу менен эркин экономикалык аймакты курууга кол койгон. Ошондой эле Кыргызстан менен да кызматташуу деңгээлин жогорулатып, эки өлкөнүн түз аба каттамын ачуу чечими кубандырбай койбойт. Албетте, бул аракеттердин натыйжасында Ирандын Борбор Азия өлкөлөрү менен коопсуздук маселерде да диалог жүргүзүүлөрүнө ыктымал берилет.

Тажикистан чегарасындагы акыркы окуя Иран менен Тажикистандын коопсуздук боюнча макулдашуулары керектигин талап кылып турат жан бул чечим башка кошуна өлкөлөр менен да кызматташуусуна жакшы өбөлгө түзөт.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
+1°C Москва
-3°C Алматы
-6°C Бишкек
-4°C Астана
+7°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+2°C Ташкент