• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 11/11 - 09:53

Трамптын өкмөтү максималдуу кысым көрсөтүү саясатын ишке ашыруунун алкагында 2018-жылы май айында өзөктүк келишимден чыккандан кийин, Иранга каршы болуп көрбөгөндөй жаңы санкцияларды жарыялап келе жатат.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын Казына министрлиги Вашингтондун Иранга каршы душмандык саясатынын алкагында 4-ноябрда Ирандын бир мекемесине жана 9 кызмат адамына каршы санкция жарыялады.
Ошентип, Америка Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын атын, 9 жеке адамын, анын ичинде сот башчысы "Сейед Ибрагим Раисини", Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мухаммад Багерини жана дагы бир катар жогорку даражадагы өкүлдөрүнүн ысымдарын санкция алдындагылардын тизмесине кошту.

Американын Казына министрлиги Тегерандагы “чалгын уясы” басылып алынган күндүн кырк жылдыгына карата жарыялаган билдирүүсүндө Ирандын жогоруда аталган мекемесине жана жеке адамдарына каршы жарыяланган санкциялар чындыгында Ирандын ички жана аймактык жөндөмдүүлүгүнө каршы күрөшүү аракетибиз деп билдирди.
Трамптын өкөмөтү 2018-жылы май айында өзөктүк келишимден бир тараптуу чыккандан кийин, Иранга каршы санкцияларды жаадырды. Америка Ирандын жеке адамдарына жана мекемелерине каршы санкцияларды киргизди жана башка өлкөлөрдү дагы өзүнүн мыйзамсыз санкцияларына өнөктөш кылуу үчүн коркутуп-үркүтүүлөрдү колдоно баштады.

Чындыгында АКШнын Иранга каршы мамилеси коркутууларга, зордукчулук жана мажбурлоонун негизинде жасалып жатат. Дональд Трамптын мындай аракеттери эл аралык деңгээлде катуу сынга кабылды. Вашингтондун максаты - Иранды 2018-жылы май айында мамлекеттик катчысы Майк Помпео тарабынан жарыяланган 12 шарттан турган өзүнүн  мыйзамсыз талаптарын кабыл алууга аргасыз кылуу.

Американын Казына министрлиги тарабынан жарыяланган санкциялардын маанилүүсү Ирандын кызмат адамдарына жана жетекчилигине байланышкан адамдарга каршы жарыялангандары. Бул маселе Ислам ыңкылабынын Жогорку руханий лидери Аятолла Сейед Али Хосейни Хаменеинин Америка менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү четке кагууда позициясына бекем экенин көрсөтүп турат.

Дональд Трамптын өкмөтү кысым саясаты менен Иранды сүйлөшүү үстөлүнө алып келерине жана Тегеранды Вашингтондун мыйзамсыз талаптарын кабыл алууга, анын ичинде өзөктүк жана ракеталык программасын токтотуп, аймактык саясатын өзгөртүүгө мажбур кыла аларына үмүттөнгөн.

Бирок, Ислам ыңкылабынан Жогорку лидери АКШга Иранга каршы максималдуу кысым көрсөтүү саясаты эч кандай натыйжа бербей турганын көрсөттү. Алар Иран санкцияларды мүмкүнчүлүк катары пайдаланганын жана ички мүмкүнчүлүктөрүн гүлдөтүп жатканын бир нече жолу баса белгилеп келишти.

Аятолла Али Хаменеи бул тууралуу билдирүү жасап, “Санкциялар бизди өзүбүзгө көңүл бурууга, өзүбүздү өзүбүз муктаждыктарыбыз менен камсыз кылууга жана өзүбүздүн демилгелерибизди таанууга себеп болот”, - деген.

Америка Иранга каршы санкция жарыялоодо акыркы чекке жетти жана санкция жарыялоо үчүн эч нерсе калган жок.
“Bloomberg” каналынын маалыматына ылайык, Иранга каршы санкция жарыялоо саясаты акыркы чекке жетти жана Америкада мындан ары санкция жарыялоо үчүн башка вариант жок. Акыркы апталардагы Американын тышкы соодадан көп көз карандысыздыгы жок курулуш сыяктуу бөлүмдөргө жана качан эле жетекчиликтен кеткен адамдарга каршы санкция жарыялоосу АКШнын Иранга каршы санкция саясатынын акыркы чекке жеткени тууралуу маалыматтардын жөнү бар экенин көрсөттү.

Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу эл аралык институттар акыркы билдирүүлөрүндө Иранга каршы санкциялардын таасири жоголорун жана Тегерандын экономикасы келерки жылдан баштап демейки абалына кайтып келерин билдиришти.

Ошол эле учурда Иран Ислам Республикасы Американын кысымдарына баш ийбей турганын, Европа тараптын кармалып жатканынан буга чейин өзөктүк келишимдеги милдеттемелерин кыскартуу боюнча үч кадамын ийгиликтүү ишке ашырганын жана төртүнчү кадамын дагы 6-ноябрдан баштап ишке ашырып баштаганын бир нече жолу баса белгиледи.                                                   

Сейед Реза Мир Тахер.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-4°C Бишкек
-15°C Астана
+4°C Дүйшөмбү
+7°C Ашхабад
+1°C Ташкент