• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 05/11 - 18:36

“Аль-Жазира”  телеканалы Сауд Аравиянын Йеменге каршы аскердик операциясына катышкан судандык аскерлер арасындагы көптөгөн курмандыктардын статистикасын ачыкка чыгарып, ошол эле учурда алардын ролу, канча маяна алары жана алардын саны тууралуу макала жарыялады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Йемендин куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү  3-ноябрда  сауд коалициясынын Йеменге каршы аскердик аракеттерине катышкан судандык аскерлер арасында оор жоготуулар болгонун кабарлаган. Йемендин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү бригадалык генерал Яхья Сари Йеменге каршы кол салуулар башталгандан бери Судан армиясынын 8 миңден ашуун жалдангычтары каза таап, жаракат алып жана дайынсыз жоголгонун айтып, 4253 судандык жалдангыч набыт болгонун билдирди. “Аль-Жазира”  телеканалы Йемендеги судандык күчтөрдүн саны, алардын жайгашкан жери жана аларга жүктөлгөн миссия тууралуу, ошондой эле алардын Сауд Аравия-БАЭ коалициясынын күчтөрү менен болгон мамилеси жана Йеменге каршы аскердик аракеттерге катышкандыгы үчүн канча эмгек акы  жана эмне жеңилдиктерди алары туурасында макала жарыялады.

30 миң аскер

Суданды башкарган аскердик кеңештин башчысынын орун басары Хамидати деген ат менен белгилүү болгон Мохамед Хамдан Дагало Йемен согушуна катышкан судандык күчтөрдүн саны 30 миңден ашат деп билдирген. Алардын көбү Судандын ыкчам күчтөрү болуп саналат. Аларды Судандын мурдагы бийлиги, башкача айтканда Омар аль-Баширдин өкмөтү Дарфурдагы жарандык согушта колдонгон.

Аскерлердин 40%ы балдар

Американын “The New York Times” басылмасы маалымдагандай, Саудан аскерлеринин 40%ы балдар болуп саналат, алар Сауд Аравия менен болгон чегара аймакта даярдыктан өтүшөт. 14 жаштан 17 жашка чейинки бул жаш аскерлер төрт жылдан бери 14 миң Судан күчтөрүнүн катарында сауд коалициясынын Йеменге каршы аскердик аракеттерине катышып келет. Ошондон бери азыркы учурга чейин жүздөгөн балдар набыт болду.

Судан аскерлеринин эмгек акысы

Билдирүүгө караганда, Судан аскерлери 500-750 кишилик отряддарга бөлүнөт жана аскерлердин катарындагы жаш балдардын орточо эмгек акысы айына 480 долларды, ал эми Джанджавид ополчениесинин офицерлери 530 долларды түзөт. Ошондой эле судандык күчтөр ишинен 6 ай өткөндөн кийин 10 миң доллар акча алышат.

Судан аскерлеринин миссиясы

Сауд Аравия жетектеген эл аралык коалиция 2015-жылы Йеменге каршы аскердик операцияны баштаганда Судан  бул операцияда өзүнүн төрт согуштук учагы катышып жатканын жарыялаган. Бирок сауд коалициясына бул учактардын экөөсү гана жеткен. Судандын аба күчтөрү Йемендеги операцияларга бир аз гана катышкан жана андан соң коалициянын абадан жасаган эч бир операцияларына катышкан эмес. Судандык аскерлердин Йемендеги миссиясына Йемендин батыш жээгинде (Хадджа провинциясынын түндүгүнөн Аль-Ходейда провинциясынын түштүгүнө чейинки аймакта) кургактагы операцияларды аткаруусу кирет. Ошондой эле бул күчтөрдүн 4 бригадасы Йемен менен Сауд Аравиянын чегарасына жайгаштырылган. Мындан тышкары, судандык күчтөр Йемендин түштүгүндөгү БАЭнин базаларын кайтарууга жооптуу.

Аскер башчылары

Судандын отставкага кеткен президенти Омар аль-Башир 2015-жылы өз өлкөсүнү күчтөрү Сауд Аравия жетектеген коалициянын Йеменге каршы аскердик аракеттерине катышарын жарыялаган. Ал судандык күчтөрдүн сауд коалициясындагы катышуусун адеп-ахлактык жана диний милдет деп атаган. Бирок анын Сауд Аравиянын лагерине жана жалдангычтарга кошулуусу анын өкмөтүнүн кулашына тоскоолдук кылган жок. Йемен согушуна катышкан Судандын аскердик командирлердин катарында Судан армиясынын биргелешкен штабынын мурдагы башчысы Имад Мустафа Адави бар. Судандын аскердик кеңешинин башчысы Абдель Фаттах аль-Бурхан дагы Судандын ыкчам күчтөрүнүн командири Мухаммад Хамдан Хамидати менен макулдашып, Йемендеги судандык күчтөрдү көзөмөлдөйт.

Судандык аскерледердин жайгашкан жери

Судандык күчтөр Йемендин Таиз, Аль-Худейда, Лахдж, Хадджа жана Саада провинцияларында жайгаштырылган. Алар сауд коалициясынын Йемендин түштүгүндөгү дээрлик бардык операцияларына катышат. 2018-жылдын сентябрында Судандын ыкчам күчтөрүнүн командири Йемен согушунда 412 аскер, анын ичинде 14 офицер каза тапканын маалымдаган. Ошол эле учурда Судан бийлигинин бир аткаминери Йемен согушунда 850дөй аскер набыт болгонун билдирген.

Судандын маалымат каражаттары жарыялаган билдирүүлөргө караганда, Судандын  аскердик кеңешинин башчысынын орун басары Мохамед Хамдан Дагало Суданга каршы коопсуздук коркунучтардан улам Йеменге каршы согушка катышып жаткан судандык күчтөрдөн 10 миң аскерди өлкөгө кайтаруу буйругун берген.

Бирок Судандын куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү бул маалымат так эмес экенин билдирген. Судан Йеменге каршы согушта Сауд Аравияга колунан келишинче колдоо көрсөттү. Бирок акыркы төрт жылдын ичинде аскерлердин арасында оор жоготуулардан башка эч кандай натыйжа чыккан жок. Йеменге каршы эл аралык коалициянын жетектеген Сауд Аравия дагы  өзүнүн күчү жана байлыгы менен өз аймагын йемендиктердин жооп иретинде жасаган чабуулдарынан коргой алган жок.

Йемендин Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мохаммед Али аль-Хуси кечээ, 4-ноябрда билдирүү жасап, “Судандын аскердик кеңешинин башчысы жана анын орун басары Хамидати, Судандын экс-президенти Омар аль-Башир Йеменге каршы согушта ыйыкты коргоп жатабыз деп ойлоп атышат. Чындыгында, алар акчаны көздөшүүдө”, - деп билдирген.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+4°C Ташкент