• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 29/10 - 10:04

Америка “Ишимге каршы абалын” чагылдыруунун аракетинде.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Америка батыштык жана араб шериктештери менен Сириянын мыйзамдуу өкмөтүн кулатуу максаты менен ИШИМ террордук тобун пайда кылууда жана ага колдоо көрсөтүүдө таасирдүү ролду аткаргандары менен белгилүү. Кийин ИШИМдин максаты ишке ашпай, Вашингтондун көзөмөлүнөн чыгып кеткен соң, Америка бул такфирдик топко каршы күрөшүү эл аралык коалициясын колго алган.

Америкалык ЖМКалар 27-октябрда Пентагонго шилтеме беришип, америкалык аскерлер Сириянын түндүк-батыш аймагындагы операцияларында ИШИМ террордук тобунун башчысы Абубакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн жарыялашты.

News Week басмасы бул операциялар  алгач так маалыматтар чогултулган соң, аль-Багдадинин Сириянын түндүк-батыш аймагындагы Идлиб провинциясында жайгашкан анын бекинген жайына жасалганын жарыялаган.

Аль-Маядин каналы дагы аль-Багдади Идлибдеги Барише шаарчасында өлтүрүлгөнүн кабарлады. Ошондой эле Американын CNN каналы дагы Пентагонго шилтеме берип, ИШИМдин башчысы америкалык күчтөр жакындаганынан улам жардыргычтар тигилген күрмөсү менен өзүн-өзү жардырып жибергенин жарыялаган.

Ал эми Пентагондун бир аткаминери DNA анализ жүргүзүү борбору өзүн-өзү жардырып жиберген адамдын денесин таанып, ал аль-Багдади экенин тастыктаганын билдирген.

Белгилей кетсек, бул билдирүүлөр окуядан бир күн мурда Дональд Трамптын Твиттердеги “маанилүү окуя” боюнча жарыясынан кийин болууда.  Ак үй  дагы 27-октябрда  Дональд Трамп  Вашингтон сааты боюнча 9:00дө маанилүү билдирүү жасаары жарыяланган.

Эске салсак, 2009-жылы Вашингтон Абубакр аль-Багдадини түрмөдөн бошотуу менен анын иш жүргүзүүсүнө жол ачкан. Америка ИШИМ террордук тобунун жетекчисин колдоого алуу менен Сирия, Ирак жана бир канча аймактардын элине каршы бир топ согуштарга себеп болду.

Ал эми азыр анын убактысы бүткөн соң, атайын операция жасоо менен анын төшүндө катылган бир топ сырлары менен кошо жардырып жок кылууда.
Трамп бир нече ирет Америка ИШИМди жок кылуунун аракетинде экенин айтып келген. Анын бул сөзү чындыкка туура келбеси айкын. Анткени ал 2016-жылы Америка президентин шайлоо кампаниясында “Барак Обаманын өкмөтүн” ИШИМ террордук тобун уюштуруучу - деп билдиргенин эстен чыгарып койгондой.  Америка ИШИМдин негизги түзүүчүсү жана колдоочусу болгон. Трамп дагы ушул жагдайга байланыштуу Обаманын өкмөтүн күнөөлөп жүргөн.

Трамп 2016-жылы Америка президентин шайлоо кампаниясында мындай деп сөз сүйлөгөн: “Алар (Обама менен Клинтон) чынчыл адамдардан эмес. Алар ИШИМди пайда кылышты. Хиллари Клинтон Обама менен бирге ИШИМди пайда кылышты.”

Ошентсе да Трамп бир канча ирет  ИШИМге каршы күрөшүүдө эл аралык коалиция түзгөнүн билдирген. Бирок Вашингтон өзү Сириядагы мыйзамдуу өкмөттү кулатуу боюнча жетпей калган максаты үчүн ИШИМди пайдаланганын унутууда. Ал эми ИШИМдин жеңилүүсү менен бирге 2014-жылы көзөмөлдөн чыгып кеткен Ирактын бир канча аймактарын басып алуу боюнча аракеттерден соң, айласыз ага каршы “күрөшүүгө” чыгат.

Азыр Трамп Сириядагы ИШИМдер толук жок кылынды деп, Түркиянын аскерлери Сирияга кол салып баштаган соң, өз аскерлеринин көбүн Иракка көчүрүү буйругун берген.  Бирок 2011-жылы Сирия жаңжалы башталган соң өзүнүн батыштык-арабдык коалициясын жетектөө менен максаттарына жетүү үчүн террорчуларга каршы күрөшүүнүн ордуна ИШИМ жана башка террордук топторго колдоо көрсөтүп келген.

Саясий серепчи Иван Ипполитов айткандай, Американын максаты - акыркы жылдары өзүнүн тышкы саясатын жүргүзүүгө террордук, радикалдык топторду колдонууда камтылат. Бул маселенин натыйжасында Азиянын Батыш өлкөлөрү алсызданып, террорчулук менен радикалдуулук жайылууда.

Американын Сириядагы 2011-2014-жылдардагы иш жүргүзүүлөрү көрсөткөндөй, Сирия менен Ирактын айрым шаарларынын ИШИМдин ээлик кылусу жана америкалыктардын аларга колдоо көрсөтүп, курал-жарактар менен камсыздаганы белгилүү.

Ал эми 2014-жылдан тарта ИШИМге каршы аталган эл аралык коалиция түзүлгөнү менен Америка ИШИМди ар убакта Сирия өкмөтү менен аскерине каршы колдонуу үчүн өз көзөмөлүнө алып,  сактап келген. Андыктан Американын ИШИМге каршы күрөшүү боюнча ниети канчалык чындыкка туура келери суроо болуп калууда. 

Эске салсак, Трамп мурдараак: ИШИМге каршы күрөшүү Иран менен Орусияга пайда алып келмекчи жана муну ким каржылайт?- деген суроого токтолгон.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+6°C Тегеран
 0°C Москва
 0°C Алматы
-1°C Бишкек
-19°C Астана
+6°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+5°C Ташкент