• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 28/06 - 10:41

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы өзөктүк келишимдин маанилүү бөлүгү санкцияларды жоюу жана Иран менен соода-сатык мамилелерди нормалдаштыруу болуп саналарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Irna агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш уюмдун бардык мүчөлөрү өзөктүк келишимдин ишке ашуусун колдой тургандыгын билдирүү менен, Иранга каршы санкциялардын алынып салынуусу жана бул өлкө менен соода-сатык мамилелердин нормалдашуусу аталган келишимдин маанилүү бөлүгү болуп эсептелерин дагы бир жолу баса белгиледи.
Бул тууралуу жазылган Антониу Гутеррештин докладын анын саясий орун басары Розмари Дикарло шаршемби күнү Коопсуздук Кеңешинин Ирандын өзөктүк келишимине байланышкан 2231-токтомдун кандай аткарылышын карап чыгуу масатында өткөн жыйынында окуду.
Антониу Гутерреш докладынын башында өзөктүк келишимдин тарыхына кайрылып: “2016-жылдын 16-январында Иран Илсам Республикасынын өзөктүк келишимде көрсөтүлгөн белгилүү бир иш-аракеттеринин аякталганы Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик тарабынан тастыкталгандан кийин, келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк программасына байланышкан БУУнун жана  көп тараптуу, улуттук санкциялар жоюлган. 2231-токтомго (2015) ылайык, мүчө-мамлекеттер, аймактык жана эл аралык оюнчулар аймактык жана эл аралык тынчтык жана коопсуздуктун негизи болгон өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча зор жетишкендик жана дипломатиялык сүйлөшүү болуп эсептелген токтомду жана өзөктүк келишимди колдоого алышкан”, - деп баштаган.

Ошондой эле, Гутерреш бул дипломатиялык аракеттерди жана колго тийген жетишкендиктерди сактап калуу зарыл экенин баса белгилеп, “Бирок, тилекке каршы АКШ 2018-жылдын 8-майында өзөктүк келишимден чыгуу менен Ирандын мунай кардарларын санкциялардан бошотуу мөөнөтүн узартпоого жана өзөктүк келишимдин алкагында өзөктүк куралдарды жайылтпоо долбоорлорун толугу менен ишке ашырылышына жол бербөөгө чечим кабыл алды”, -деди.

Ал бул иш-аракеттер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2231-токтомуна карама-каршы келерин жана  Иран Ислам Республикасынын өзөктүк программасынын алкагында токтом боюнча айрым жоболорду ишке ашыруусуна тоскоол болорун баса белгиледи.                                         Мындан тышкары, БУУнун Баш катчысы докладында Иран Ислам Республикасынын уюмдагы туруктуу өкүлүнүн 23-майда жөнөткөн катынан (байытылган уран жана оор суунун кору боюнча чектөөлөрдү сактабай тургандыгы боюнча) жана Орусиянын 11-июнда жазган катынан тынчсызданып жатканын билдирген.

Ошондой эле ал Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин берген доклады боюнча мындай деген:
“Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иран Ислам Республикасынын алдындагы кыйынчылыктарга карабастан, өзөктүк милдеттенмелерин аткарып келгенин жана аны улантууга чакырарын билдирди. 2016-жылдын январь айынан бери Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Иран өзөктүк жоопкерчилигине бекем экенин билдирип 15 жолу отчет берди”, - деп баса белгиледи.

Ошону менен катар, Антониу Гуттерреш 2019-жылы 6-мартта жарыяланган өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссиянын билдирүүсүн колдоорун билдирди. Ал билдирүүдө программа боюнча Иран милдеттенмелерин аткаруусу үчүн санкциялардын жоюлуусу, Тегеран менен соода алакаларынын жана экономикалык мамилелердин нормалдашуусу өзөктүк келишимдин маанилүү бөлүгү болуп саналары айтылган эле.
БУУнун Башкы катчысы докладында  дагы бир жолу бардык өкмөттөр менен менчик секторду Иран менен экономикалык мамилелерди нормалдаштыруу үчүн ишке кирүүсү күтүлүп жаткан каналды колдоого алууга чакырып өттү.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+5°C Тегеран
-9°C Москва
-9°C Алматы
-6°C Бишкек
-20°C Астана
+5°C Дүйшөмбү
+2°C Ашхабад
+5°C Ташкент