• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 17/06 - 18:49

“Аскалан” камагындагы палестиналык туткундар 16-июндан баштап мөөнөтсүз ачарчылык жарыялашты.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык,  палестиналык туткундарга карата зордук-зомбулук күндөн күнгө күчөөдө. Учурда сионисттик режимдин аскерлеринин кордугуна эч бир укук коргоочу комиттеттер же эл аралык уюмдар көңүл буруша элек.
Белгилей кетсек, сионисттик режимдин камактарында 5700 палестиналык туткундар бар. Алардын айрымдарында, мисалы Аскалан камагында абал өтө оор.  Берилген маалыматттарга караштуу, 45 палестиналык камактын сионисттик кызматкерлеринин орой мамилесинен, кордук көрсөтүүлөрүнөн улам ачарчылык жарыялашкан.
Буга кошумча, туткундардын ур-токмокко алынгандарына, алардын ичинде жабыркап ооруга чалдыккандарына керектүү медициналык жардамдар берилбегени жана алардын урук-туугандарына абалдары кабарланбаганы маалымдалган.
Израилдин палестиналыктарга, айрыкча палестиналык туткундарга каршы орой мамилелери мурдагыдан да күчөгөн.

Эске салсак, “Кылымдык келишим” маселесин караштыруу жана Манама экономикалык отуруму 25-26-июнь күндөрү Бахрейнде өткөрүлмөкчү. Манама отуруму Израилге палестиналык туктундардын абалы тууралуу жалпы коомчулуктун ой-пикирин алаксытууга жакшы учур болмокчу.
Бир чети Израиль режимине учурда Америка мурда болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүүдө. Сионисттердин басып алышкан Палестина жерлеринде өз шаарчаларын тургузууга карата Американын унчукпоосу да Израилдин пайдасына болду.
 Мындан тышкары Арабстан менен Эмиратка окшогон араб өлкөлөрүнүн сионисттик режимди жактоолору жана Тель-Авив менен алакаларын жакшыртуулары да Израилге күч берип, Палестинадагы мыйзамсыз иш-аракеттерине, туткундарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүлөрүнө шыктандырууда.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+2°C Тегеран
+1°C Москва
+2°C Алматы
+9°C Бишкек
-4°C Астана
+8°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+6°C Ташкент