• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 04/06 - 15:45

Бүткүл дүйнөнүн мусулмандары бириккенде гана ислам динине болгон сырткы коркунуч токтойт.

Мен бул макаламда ислам ынтымагы жана анын маңызы, ынтымак, биримдиктин тамырлары, исламдагы жана Куран Каримдеги тилектештик, Исламий биримдикти түзүүдөгү Ирандын демилгелери жана кадамдары (Имам Хумейни мусулмандар ичиндеги биримдиктин куруудагы үндөөчү), ислам биримдигинин мааниси, мусулмандардын тилектештигинин жана биримдигинин тоскоолдуктары, ынтымака жана биримдике келүүнүн тереңдешинин концепциясы, Такфирлик жана ДАИШ топторун түзүүдө Американын максаты, Имам Хумейнинин көз карашындагы биримдиктин концепциясы жана ошондой эле Имамдын назарындагы мусулмандар ортосундагы бөлүнүү, ыдыроонун себептери тууралуу кыскача көрсөткөнгө аракет кылдым.

Ислам биримдигинин маңызын таануу

Ислам биримдиги деп айтканыбызда, ар бир агымдардын шиит же суннит мазхабындагылар өз ишениминен кол тартуусу эмес, тескерисинче Ислам биримдиги ар бир Ислам мазхабындагылар дин акыйдасына, негизине, каламга бел байлап жана өзүнүн коомдук, саясий, аскердик, экономикалык жана маданий ырашкерлигине  кошуна, мусулман атту коом жана ислам үммөттөрү менен өз ара мамиле түзүүсү шарт.

Мусулман биримдиги анын каршылаш жана душмандарына каршы жүздөгөн жана миңдеген эсе күчтүү. Албетте, алардын ынтымагы жана тилектештиги инсанияттын өсүшүнө, берекенин жайылышына, адамкерчиликсиз максатты көздөгөн колониялдык баскындардын оозун буушуна, ошону менен бирге эч бир теңелгис кадыр баркка алып келет.

Куран Карим жана Исламдагы биримдик жана тилектештиктин тамырлары

Куран Каримден ынтымака жана биримдике үндөгөн бир катар аяттарды тапсак болот. Курандын көз карашындагы биримдиктин мазмуну алгач “Тавхид” жана андан соң Ислам дини болуп саналат. Куран Каримде Пайгамбарлар Китеп ээлерине жиберилет жана “Тавхид” ураана кошулушун, андан бөлүнбөшүнө чакырат. “Эй пайгамбар! Китеп ээлерине айт, келгиле сиздерге жана бизге белгилүү  болгон Эй сөзү менен, бир Кудайдан башкага сыйынбайлы.....”. Кудай Ал Имран сүрөөсүнүн 103- аятында Ислам улутун жалгыз биримдике чакырып жатат жана ар кандай талаш тартыштардан алыс кылып атат.

Диндин негиздеринде мусулмандардын ичиндеги биримдик тууралуу бир катар мисалдар келтирилет. Мисал катары, тавхид жана калима, толук бойдон биримдик алып келүүчү болуп саналат, анда мусулмандарды биригишине чакырып жалгыз кудайдан башка затка сыйынбоону жана жалгын андан жардам суроону үндөп жатат. Кийинки мисал Кааба, мусулмандардын сыйынышында бир тарапка жүз бурган ыйык жер, бул да биримдике үндөө.

Жамаат намазы, орозо, аажыга баруу дагы мусулмандардын ичинде ынтымака үндөөчү себеп, негизги орду бар. Бул түркүкчөлөрдүн ичинен Аажыга баруу “Рух биримдигинин сулуулугу” катары бүтүндөй аажылардын башын бириктирип, чыр-чатактан алыс кылып, ички дүйнөнү тазалап, шайтандын азгырыгынан алыс болууга чакырат. Таваф кечеси, Таваф намазы, бир сапка туруу, марва, аажылык сапарга байланышкан жана башка кыймылдар  мусулмандардын биригишинин эң бир ачык көрүнүшү болуп саналат.

Иран мамлекети Ислам үммөтүнүн биримдигин курууда эмне кыла алат?

Биримдик жана исламий, улуттук тилектештик тууралуу эзелтеден бээри Аалымдардын, окумуштуулардын (шиизм жана сунниз ичиндеги) мисла катары Аятулла Таскири, Шейх Мухаммед Абаде, Сейид Жамал ад Дин Асад-Абади, Аятулла Буружерди, Шейх Шалтут, Сейид Кутб, Имам Хумейни ж.б.у.с. көңүлүн өзүнө тартып келген. Азыркы доордун Ислам даанышмандары, аалымдар, ой жүгүртүүчүлөр улуттардын жана Ислам агымдарынын ырашкерлиги жана ынтымагын, өзгөчө учурдун талабы менен, душмандар ар тараптуу чалгындап, ар кандай иштер менен ич ара чыр-чатактардын күчөшүнө аракет кылып жатканда, исламдын эң бир зарыл ныяздары катары билет.

Ислам биримдиги жана жакындыгы азыркы учурда мусулмандар үчүн өзгөчө бир зарыл болуп турган чагы жана анын эгемендүүлүк жана азаттыкты колго алышы таасирлүү рол ойноп, тагдырынын катаал учуру. Эгер тарыхка көз чаптырып карасак, ислам үммөтү күчтүү жана таасирлүү болгон, кыска мөөнөттүн ичинде Исламга тийип турган нуру, Европа жана кээ бир батыш мамлекеттеринин үстүнө үзү бурулду, ал ислам биримдигинин жана мусулмандардын ынтымагынын жоктугунан келип чыкты. Эгерде мусулмандар азыркы учурда батыштын жана чыгыштын баскынчылык кесепетинде жатса, дүйнөлүк текеберчилик өз көлөкөсүн алардын үстүнө жабып, ар кандай азаттыкты, элдин жана диндин башкаруусун алардан алып салды. Бул чоң үммөттүн ичиндеги чыр чатак, жаңжаал жана бөлүнүүнү себебинде мындай мүшкүлгө учурап жатат.

Биримдик аптасын белгилөө демилгеси

Суннизм документтерине таянып Пайгамбардын туулганкүнүн  раббиуль аваль айынын 12 күнүн, ал эми шииттер өзүлөрүнүн документтерине таянып раббиуль аваль айынын 17 күнүн белгилеп келет. Пайгамбардын туулган күнүндөгү ушул айырмачылыктын ортосун Имам Хумейни биримдик аптасы катары белгиледи. Мындай демилге мусулмандардын ортосундагы ар кыл мазхабтардын биримдигин чыңдоо себебинен келип чыкты. Азыркы абалды эске алуу менен мындай демилге дүйнөлүк деӊгелге чыгышы абзел. Акыркы жылдардагы мусулмандарга тийип жаткан азап чыр-чатак жана бөлүнгөн аймакта жашаган мусулмандардын башына келип жатат. Батыштын бөл жана башкар атту урааны азыркы учурда да өзүнүн ишин аткарып жатат. Азыркы учурда дүйнөнүн көп бурчундагы мусулмандар мисал катары Йемен, Бахрейн, Нигерия, Мьянма, Кашмир, Афганистан, Ирак, Сирия жана Палестина мусулман калкы ар кандай азап-тозокторго, ооруга кабылып жатышат. Эгер мусулмандардын ортосунда биримдик болгондо мындай абалдардын күбөсү болмок эмеспиз. Мусулмандар Пайгамбардын сүннөтүнө жана Асман китеби Куран Каримге карап биримдике келүүсү абзел.

Акыркы учурдагы мусулман мамлекеттеринин ичинен чыгып жаткан ДАИШ уюмундай такфирлик ой жүгүртүү жана терроризм Ислам дүйнөсүнүн душмандарынын бүткүл мусулман коомунун ортосуна от салуу, аларды бөлүп жаруудагы, ислам жүзүн жек көрсөтүүдөгү конспирациясы болуп саналат. Эгер мусулмандардын ортосунда ынтымак, ырашкерлик болгондо мындай такфирлик жана террористик көз караштагы уюмдардын топтордун пайда болушуна жол болмок эмес.

Имам Хумейни Иран Ислам Республикасынын рахбары азыркы замандагы биримдике келүүдө эӊ чоӊ себеп болуп саналат. Имам Хумейни биримдикти күчтүн себеби ал эми бөлүнүп жарылганды алсыздыктын себеби деп билет. Ал биримдиктин жана ынтымактын негизин Ислам дини мамлекеттик деӊгээлде кабыл алуу деп билет. Иран элинин рахбары исламий төӊкөрүштүн эртеси, ички мамлекеттик башка маселелер кайнап жатканда, бул негизги маселе тууралуу мындай деп ишара кылат:

“Биз суннизм мазхабындагы мусулмандар менен бирбиз! Биримдиктебиз мусулманбыз жана тууганбызЭгер бирөө мусулмандар ортосунда от салууга, чыр чыгарууга кандайдыр бир сөз салса же ал акылсыз же мусулмандар ортосунда чыр чыгарууга аракет кылып жатат деп билиӊиз. Шиизм жана суннизм маселеси туура эмес, анткени биз туугандарданбыз.”

Биримдик апталыгы шиизм жана суннизм мазхабынын ортосундагы тууганчылыкты жайылтуу, ошону менен бирге дүйнөлүк текеберчилике каршы чыгуу болуп эсептелет. Вахабият, Аль Каида, ДАИШ жана башка ушул сыяктуу террористик топторду карап билсек болот, Ислам дүйнөсүнүн душмандары мусулмандардын биримдигин канчалык деӊгээлде жактырбашын, жана мындай ынтымакты түзүүгө канчалык деӊгээлде жолун тосуп аткандыгы далил.

Албетте ислам ынтымагынын негизги маӊызы Ислам дининин агымдары өзүнүн негизги акыйда жана негизинен баш тартуу, бир жана жалгыз акыйдага келүү болуп саналбайт. Анткени бул иш логикалык жактан да, амалий жактан да туура келбеген иш. Имамдын демилгесинин негизги максаты Исламий мамлекеттер башка мусулмандардын азабын, кайгы муӊун сезе билүүсү, жана келечектеги абалын, мусулмандардын биримдике келишин үндөө болуп эсептелет.

Ислам дүйнөсүнүн биримдигинин мааниси

Мусулман биримдигинин жана тилектештигинин тоскоолдуктары

Ислам дүйнөсүндөгү диктатордук жана коррупциялык өлкөлөрүн  болушу жана алардын Американын алдында кызмат кылуусу

Аалымдардын жана муфтилердин жахилдиги, мусулмандар ортосундагы ыркты пайда кылуусу

Мусулмандардын бирин бири толук түшүнбөсү дагы бир чекеден алардын ортосунда чыр чатактардын чыгышына негиз болуп олтурат. Душман бизге интернет, массалык маалымат каражаттары аркылуу эӊ эбегейсиз сокку урду.

Ошондой эле Американын жана Сиянизм жана батыштын мусулмандар ортосунда от салууга болгон аракети, вахабияттын жана такфириттик топтордун чалгынчыл күчтөрү менен ислам ааламына канкордук иштерди кылып жатууда.

Шиизм жана суннизмдин ортосундагы ынтымак ырашкерликтин пайда болушунун концепциясы

Пайгамбардын жолун жолдогон ар бир агым билиши керек, кимде ким бакытка, биримдике жана азаттыка жетишкиси келсе Куран Карим жана Пайгамбардын үй бүлөөсүнөн сабак алышы керек. Суннизм жана шиизмдин ортосундагы байланышты күчөтүү, экөөнүн ортосундагы келишпестик маселелерди ортого салбоо, талкулообо, сиянизм жана текеберчиликти душман тутуу мусулмандар ортосунда биримдиктин жана ынтымактын пайда болушуна түрткү болот.

Такфириттик жана ДАИШ топторун түзүүдө Американын максаты

Такфириттик топторду түзүүдө башынан Американын негизги максаты мусулмандар ортосунда чыр чатак орнотуу жана бөлүп жаруу болуп саналат, ал эми кийинки максаты ислам динин дүйнөгө канкор жана жат цивилизация катары тааныштыруу. Ал менен катар Америкалыктар мындай террористик топторду түзүү менен башка максатты көздөп жаткандыгы маалым, мусулмандардын ортосуна чыр чатакты чыгарып алардын биригишине жана башка негизги максатка көӊүл бурбашын, бири бири менен алек болуп согушка малынып, Америкалыктардын дүйнө булуӊунда жасаган кылмыштарынан көз буруп, мусулман дүйнөсүнүн өркүндөп өспөшүнө тоскоолдук болушу. Ошондуктар бүткүл мусулман эли мындай уйкудан ойгонуп, душмандардын кылмыштык чалгындарын алдын алуу керек.

Имам Хумейнинин назарындагы биригүү концепциясы

Биримдике келүүдө жана реформа жүргүзүүдөгү азыркы дүйнөнүн эӊ бир таасирлүү адамы болуп Ислам Иран төӊкӊрүшүнүн жетекчиси Имам Хумейни болуп саналат. Ал бул жаатта биримдике келүүгө болгон бир катар изилдөөлөрдү өзүнөн кийин таштап кеткен. Алардын кээ бири төмөнкүлөр болуп эсептелет:

Жалгыз жетекчи/ дүйнөдөгү мусулман элинин иштерин колдоо/ текеберчиликтин жолун буу/ ич ара мамилени түзөө/ бөлүнүүгө алып келген маселелерден алыс болуу/ душмандын жана бөлүп жаруучунун тузагына тик кароо.

Имам Хумейнинин көз карашындагы биримдик

Имам Ислам төӊкөрүшүнүн ачкычын жана негизи катары биримдикти карайт.

Өлкө куруудагы негизги аспектердин бири биримдикти жана ислам үммөттөрүн ынтымака алып келүү

Имам биримдикти негизги стратегия катары караган, мусулмандардын негизги кепили катары баалаган.

Имам күч деп биримдикти ал эми ыдыроону алсыздык деп тааныйт, бүткүл ислам коомунун биримдиги жашоосунун негизи болгон.

Имам улуттун оорусу жана алсыздыгы катары ыдыроо жана бөлүнүү, ал эми азамат жана эрк-күч катары биримдик тилектештикти эсептейт.

Ислам душмандары мусулмандардын колун бириктирбеш үчүн алардын өсүп өнүкпөшү үчүн ар кандай ыплас ыкмаларды колдонуп келүүдө. Мындай учурда бүткүл мусулман эли исламдын тегерегине биригип, анын негиздери менен баардык тосколдуктардан чыгып кетүү абалы бар. Иран Ислам Республикасындагы Исламий төӊкөрүш бир гана ушул ыкмаларды колдонуп жеӊишке жете алды.

Имам биримдикти Ислам төӊкөрүшүнүн сакталып калчуу ачкычы катары баалаган.

Имамдын назарында биримдиктин кеӊири тамыры бар жана мусулмандардын биримдиги бардык диний максаттар жана толук жетишкендиктерди колго алып, өнүгүү жолуна сапар алышы абзел.

Гасеми Парвиз,

Иран Ислам Республикасынын  Кыргызстандагы Элчилигинин Маданий өкүлү,

Бишкек.

 

 

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+2°C Тегеран
+1°C Москва
+2°C Алматы
+9°C Бишкек
-4°C Астана
+8°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+9°C Ташкент