• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 3 and html
Premature end of data in tag html line 1
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response
Категория: Аналитика - Published: 28/05 - 14:57

Кытай 2020-жылы дүйнөнүн эң ири экономикасына айланса, Индиянын экономикасы 2030-жылы Америкадан да жогору болмокчу.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Chartred стандарттык уюмунун иликтөөсү боюнча, Кытай 2020-жылга чейин дүйнөнүн эң ири экономикасына айланса, Индиянын экономикасы 2030-жылы Америкадан да жогору болмокчу. Бирок бул эки чыгыш өлкөлөрүнүн экономикасынын өсүүсүнө эмне себеп болду?-деген суроо туулат.
Мындай өзгөрүүлөргө түрткү болгон нерселердин бирине калктын өсүүсү кирээри аныкталган. Анткени адам өзү экономикага салым кошуучу негизги фундамент болуп саналат. Ар бир экономикалык иш-аракет: өндүрүш, кардар, салым кошуу, идея чыгаруу, эмгек күчтөрүн тарбиялап чыгаруу – бардыгы адамдын күчүнө муктаж.
Учурда Кытай калкынын саны 1 млрд. 350 миллионго чукул жана 1 милиарддык эмгек күчтөргө ээ. Ошондой эле Индиянын калкы 1млрд. 237млн. менен дүйнөнүн көп калктуу өлкөлөрүнүн 2-тизмегинде. Ал эми Кытай 35 жыл бою өлкөдөгү калктын өсүүсүн көзөмөлдөп келгени баарына маалым. Алардын мындай саясатынын натыйжасы коомдогу тең салмактуулуктун бузулуусуна, алардын ичинде кыздар менен уул балдардын санынын айрымачылыгы, жаш муундардын улуу муундарга караганда аз болуусуна алып келген. Буга кошумча Кытай эмгек күчтөрү көп болбосо экономиканы өстүрүүгө мүмкүн эместигин түшүндү. Учурда Кытай өкмөтү балалуу болууну каалаган үй-бүлөлөргө жеңилдиктерди караштырууда. Мисалага, жөлөк пул, бекер билим берүү, коомдук камсыздоо жана үй турактарын берүү менен үй-бүлөлөрдү көбүрөөк балалуу болууга шыктандырууда. Ошондой эле эмгектенген аялдардын декрет мөөнөтүн 3 жылга чейин узартты.
Андыктан бул эки өлкөнүн акыркы 10 жылдагы экономикалык өсүүсү алардын калктын өсүүсүнө берген маанисинен улам болгондугу байкалат. Кытай менен Индия 70-90-жылдардагы жакырчылык абалынан чыгып, учурда өздөрүнүн эмгек күчтөрүнөн пайдаланып, дүйнө базарларын багынтты.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+39°C Тегеран
+17°C Москва
+26°C Алматы
+31°C Бишкек
+23°C Астана
+31°C Дүйшөмбү
+37°C Ашхабад
+36°C Ташкент