• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 20/05 - 14:44

Ирандын тышкы иштер министрлигинин террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси АКШнын санкциялары маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча аймактык жана эл аралык кызматташтыкка терс таасирин тийгизет, ошондуктан, Вашингтон анын катастрофалык натыйжаларына жооптуу болот деп билдирди.

Бул тууралуу Fars агенттигинин Душанбедеги өкүлчүлүгү кабарлады. Иран ТИМнин террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Хоссейн Малеки Тегеран террорчулукту каржылоонун алдын алуу жана жоюу үчүн өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын эске алуу менен аймактык жана эл аралык ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө чакырат деп билдирди.

Ал Душанбе шаарында өткөн “Террорчулукка жана аны каржылоо булактарына каршы күрөшүү боюнча эл аралык жана аймактык конференцияда Иран дүйнөдөгү террорчулуктун эң чоң  курмандыгы экенин белгилеп, акыркы он жылда Ирандын 17 миңдей бейкүнөө жараны террордук топтордун чабуулунан каза тапкандыгын билдирди.

Анын айтымында, террорчулукка жана аны каржылоо булактарына каршы кандай гана күрөшүү болбосун толугу менен эл аралык укукка жана БУУнун уставдарына ылайык болушу керек. Ал террорчулукка жана аны каржылоо булактарына каршы күрөш өлкөлөрдүн биргешкен иш-аракетин талап кыларын билдирди.

“Тилекке каршы,  АКШнын Иранга каршы бир тараптуу экономикалык санкциялары маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча аймактык жана эл аралык кызматташтыкка терс  таасирин тийгизет. Бул жааттагы аймактык жана эл аралык кызматташтыкты кыйынчылыкка туш кылат, ошондуктан, Вашингтон анын катастрофалык натыйжаларына жооптуу болот”, - деп билдирди Хоссейн Малеки.

Мындан тышкары, ал Иранда маңзатка каршы күрөштө 4 миң киши каза болуп, 12 миңи жаракат алганын баса белгилеп, Иран акыркы он жылда 11 миң тонна маңзатты жок кылгандыгын билдирди. БУУнун Маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын баяндамасында айтылгандай, Иран дүйнөдөгү апийимдин 76%ын жана героиндин 30%ын таап, жок кылган.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 79.37 -0.28
RUB 1.05 -0.14
KZT 0.18 -0.27
USD 69.78 -0.09
UZS 0.01 0.00
TMT 19.95 -0.02
TJS 7.40 -0.06

Аба ырайы

 

+5°C Тегеран
-9°C Москва
-5°C Алматы
-3°C Бишкек
-23°C Астана
+8°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
+6°C Ташкент