• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
Категория: Аналитика - Published: 06/10 - 16:25

Орусия президенти Владимир Путин Американын Иранга каршы иш-аракеттерин дүйнөлүк эконгомикага таасир тийгизе турган негизги факторлордун бири деп жарыялады.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Орусияда дүйнө жүзү боюнча 70 өлкөдөн барган 6 миңден ашуун коноктордун катышуусу менен “Орусиянын энергетикалык жумасы” аттуу эл аралык жыйыны өттү. Жыйын алкагында өлкө башчысы В. Путин Американын Иранга каршы кылган иш-аракеттери дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет деп баса белгиледи.
Орусия президенти аталган жыйындын ачылышында сөз сүйлөп, андан соң “Total” жана “Royal Dutch Shell” сыяктуу дүйнөнүн ири мунай компанияларынын жетекчилери менен атайын алып баруучунун катышуусунда суроо-жооп ирээтинде өткөн жыйынга катышып, анда ОПЕКтин өндүрүшүнүн кыскарышына жана мунай баасына байланышкан маселелерге токтолду:
-  ОПЕКте мунай өндүрүшүн азайтуу чечимин кабыл алуудагы биздин максатыбыз рынок балансын түзүү болчу. Өлкөлөрдүн кирешеси менен бул маселенин эч кандай байланышы жок, балким, рыноктогу абал ушундай чечим кабыл алууга муктаж кылды. Биз ОПЕКте мунай өндүрүшүн кыскартуу тууралуу сүйлөшкөндө мунай кенинин запасынын азайып бара жаткандыгы боюнча дагы сүйлөштүк. Мындан тышкары мунай рыногунун абалы жана ага тиешелүү бардык маселелер талкууга алынды. Акыры долбоорлордо инвестицияларга шарттар түзүлүүсү үчүн ушул чечим кабыл алынды.
-  Биздин абал өтө жоопкерчиликтүү жана мунай рыногунда тең салмактуулукту түзүүнү колдойбуз. Эгер рынокто баланс калыбына келбесе инвестициялардын азайышына алып келет жана натыйжада  рынокто мунайдын азайышына  жана баасынын көтөрүлүшүнө алып келет. Биз максатка жетүү үчүн ОПЕКтин башка мүчөлөрү менен кызматташып жатабыз. ОПЕКтин башкы катчысы менен болгон акыркы жолугушууда уюмга мүчө мамлекеттер мындай макулдашууну кабыл алуусу жана баардыгы 100 пайыз өз милдеттемелерин аткарып жатышы уюмдун тарыхында биринчи жолу болуп жатканы баса белгиленди.
-  Азыркы учурда дүйнөлүк рынокто мунай баасынын көтөрүлүшү Американын Иранга каршы иш-аракеттеринин натыйжасы. Бул иш-аракеттер  дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизет. Америка президенти Дорнальд Трамп учурдагы мунай баасына канаатанбайт жана бул бааны өтө жогору деп эсептейт. Бирок, бул алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин натыйжасы. Алар Иранга каршы жарыяланган санкциялар, Венесуэладагы саясий маселелер, Ливиядагы болуп жаткан окуялар жана өлкөдө өкмөттүн кыйрашы жана башка көптөгөн маселелер. Бул маселелер бир эле экономикалык эмес, аларга саясий маселелер түздөн-түз таасирин тийгизет. Ал эми бензин баасына токтоло кетсек, анын баасынын көтөрүлүшү бир гана мунай баасынан көз каранды эмес, көбүнчө керектөөчү өлкөлөрдүн саясатынан көз каранды.
Программа боюнча алып баруучунун ЕБнин Американын 5+1 тобунан чыккандан кийинки жарыяланган санцияларына карабай ири компанияларды Ирандын инвестициялык рыногуна кайтаруу үчүн жасаган аракеттеринин натыйжалуулугу тууралуу берген суроосуна Орусия президенти төмөнкүчө жооп берди:
-  ЕБнин кылган аракети өтө кеч болду, бирок, эч кандай чара көрүлбөй калгандан көрө жакшы болду.
       

Өзөктүк келишим 2015-жылы июль айында Иран менен Коопсуздук Кеңешинин Германиядан башка беш туруктуу мүчөсү (Америка, Франция, Улуу Британия, Орусия жана Кытай) тарабынан, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине, эл аралык санкцияларга чектөө коюу менен Тегерандын өзөктүк программасы менен байланышкан бир тараптуу чечим менен кабыл алынган.
Американын өзөктүк келишимди ишке ашырууга кылган тоскоолдуктары өлкө президенти Дональд Трамптын бийликке келген учурунан баштап күч алып, келишимдин жоболорун одоно бузуу менен андан 2018-жылдын май айында чыгып кетти. Ал эми Европа тарап келишим боюнча милдеттерин аткарууну улантышарын баса белгилеп келишет.

Американын Сириядагы катышуусу мыйзамсыз

Владимир Путин Сирия маселесине дагы токтолду:
-  Бардык чет өлкөлөр, анын ичинде Америка мүмкүн болушунча тез арада Сириядан чыгып кетиши керек. Алардын Сириядагы катышуусу БУУнун мыйзамдарына туура келбейт.

-  Вашингтон Ирандын Сириядагы катышуусу токтомоюнча Американын аскерлери бул өлкөдөн чыкпайт деп жарыялады. Демек, Америка Ирандын Сириядан чыгып кеткенине күбө болгусу келип турат. Орусия бул маселе боюнча өзүнүн сөзүн ачык айкын билдирди жана АКШ күчтөрүнүн Сирияда катышуусу жана иш-аракеттери мыйзамсыз экенин баса белгиледи.

Эгер Дамаск чечим кабыл алса, Орусия Сириядан аскерлерин чыгарып кетет

В. Путин Орусия аскерлеринин Сириядагы катышуусу мыйзамдуу экенин баса белгилеп, Москва өлкө өкмөтүнүн чечимине ылайык иш жүргүзөрүн билдирди:
-Америка БУУнун мыйзамдарына баш ийсе туура чеим кабыл алганына жакшы шарт түзүлмөк. Бирок, тилекке каршы азыркы учурда Америка БУУнун мыйзамдарын бузду. Ал өзүнүн аскерлерин БУУнун уруксатысыз жана ал өлкөнүн уруксатысыз башка өлкөгө жайгаштырды. Бул мыйзамсыз иш-аракет болуп эсептелет.
- Биз Америка менен террорчулукка каршы, өзгөчө ИШИМ террорчу тобуна каршы кызматташканбыз. Азыркы учурда Сирияда ИШИМ жок болду жана Америка күчтөрүнүн бул өлкөдө катышуусун улантуусуна эч кандай негиз жок. Эгер Дамаск өкмөтү чечим кабыл алса, Орусия күчтөрү дагы өлкөдөн чыгарылат. Орусия аскерлери 2015-жылы сентябрда түздөн-түз Башар Асаддын каалоосу менен террорчулукка каршы күрөшүү максатында Сирияга кирген. Ал эми Америка жетектеген эл аралык коалиция Дамасктын макулдугусуз Сирияда чабуулдарды ишке ашырып келди.
 “Орусиянын энергетикалык жумасы” эл аралык жыйыны экинчи жыл катары менен болуп өттү жана ага дүйнө жүзү боюнча 70 өлкөдөн барган 6 миңден ашуун коноктор катышты. Мындан тышкары, Австрия, Германия, Кытай, Ливия, Сауд Аравиясы, Улуу Британия, Франция жана Америкадан барган энергетика тармагындагы ири компаниялар катышты.

Талкуу


Защитный код
Жаңылоо

Биздин өнөктөштөр

 

 

 

 

Валюта курсу

IRR 0.02 0.00
EUR 80.15 -0.25
RUB 1.06 +0.13
KZT 0.19 +1.06
USD 69.30 -0.06
UZS 0.01 -1.16
TMT 19.77 -0.10
TJS 7.35 -0.11

Аба ырайы

 

+18°C Тегеран
+10°C Москва
+5°C Алматы
+9°C Бишкек
+1°C Астана
+14°C Дүйшөмбү
+17°C Ашхабад
+12°C Ташкент