• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 

Видео

Sputnik Кыргызстан: Сирияда согуш болуп келе жатканына сегиз жылдан ашты. Ушул тапта АКШ өнөктөштөрүнө Сирияны калыбына келтире турган долбоорлорду каржылоого тыюу салып койгон. Вашингтон Евфрат дарыясынын чыгыш жээгиндеги аймакты бөлүп алып, өзүнчө мамлекет сымал түзүлүш куруп алууга жан үрөп жатат. https://www.youtube.com/watch?v=O88Z9AWYsjw&t=9s
Венецияда суунун деңгээли акыркы 50 жылдан бери болуп көрбөгөндөй деңгээлге көтөрүлүп, 1,87 сантиметрди түздү. Андан улам кеминде 2 киши каза тапты. Суунун деңгээли тынбай жааган жамгырдын кесепетинен улам көтөрүлдү.
Казакстандык альбинос-эже сиңдинин адаттан тыш сулуулугу социалдык тармактарда бааланууда. Инстаграммда алардын миңдеген күйөрмандары пайда болду.
Түркия ИШИМ террордук уюмунун өлтүрүлгөн лидери Абу Бакр аль-Багдадинин эжесин кармады. Reuters агенттиги түрк аткаминерине шилтеме берип, 65 жаштагы Расмия Авад Сириянын Азаз шаарынан атайын операция учурунда кармалгандыгын билдирди. Аны менен кошо күйөөсү жана келини дагы колго түшүрүлдү.
ИШИМ террордук уюму өз лидери Абубакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады. Багдадинин ордуна Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши дайындалды.
Күрт кошуундары Сириянын Түркия менен болгон чегарасына жакын зонадан белгиленген убакыттан эрте чыгып кетти. Бул маалыматты Орусиянын коргоо министрлиги тастыктады.
Кечээ, 23-октябрь эртең менен Англиянын Эссекс аймагынан 39 кишинин сөөгү менен жүк ташуучу унаа табылды. Унаа Болгариядан келгени болжолдолууда. Кылмышка шектүү катары жүк тарткан унаанын 25 жаштагы айдоочусу ирландиялык жаран камакка алынды.
Япониянын императору Нарухито расмий түрдө такка отурганын кечээ, 22-октябрда жарыялады.
Германияда өткөн фестивалда эң чоң ашкабакты тандашты - анын салмагы 1013 килограммды түздү. Фестивалга дүйнөнүн 6 өлкөсүнөн келген фермерлер катышты. Фестивалдын жеңүүчүсү белгиялык фермер Марио ван Гел болду.
БАЭге мамлекеттик визит менен барган Орусиянын президенти Владимир Путинди өзгөчө тосуп алышты. Путин менен Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Заид Аль-Нахайяндын расмий жолугушуусу Каср Аль-Ватан президенттик сарайында болуп өттү.
Япониянын "Хагибис" тайфуну каптаган аймактардагы издөө-куткаруу операциясына 110 миңден ашуун адам катышууда. Кырсыктан каза тапкандардын саны өсүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча 58 киши каза таап, 200дөйү жаракат алып, 14ү дайынсыз болууда.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк армиясынын Сириянын түндүгүндө баштаган аскердик операциясынын эртеси күнү Европа Биримдигинин позициясын сынга алып, "Эй, Европа Биримдиги, өзүңдү колго ал! Эгер силер биздин операцияны "бастырып кирүү" деп атай турган болсоңор, анда биз чегара өтмөктөрүбүздү ачып силерди көздөй 3,6 миллион качкынды коё беребиз", - деди.
Бүгүн, 11-октябрь эртең менен Кызыл деңизде Ирандын танкеринде жарылуу болду. Sinopa танкеринде болгон эки жарылууга ракеталык сокку себепчи болушу мүмкүн экени айтылууда. Окуя Сауд Аравиянын Жидда портунан 60 чакырымдай алыс жерде болду. Иран бийлиги окуяны террордук акт катары кароодо. Жарылуудан улам танкердин эки резервуары зыянга учурап, андагы май Кызыл деңизге төгүлүп жатат. Экипаждын мүчөлөрү жабыркаган эмес.
Испаниянын Понтеведра шаарынын борборунда 19 жылдан бери унаалар жүрбөйт. Бийликтегилер аны жөө кишилер жүрүүчү жол кылып, светофорлорду алып салган. Бул жерде 2009-жылдан бери жол-транспорттук кырсык болгон эмес.
Тайвандын Илань уездинде арка сымал көпүрөнүн урап түшкөнү видеого түшүп калган.
RT агенттигинин корреспонденти Роман Косарев Сириянын Хан-Шейхун шаарында болду. Идлиб провинциясындагы бул шаар ИШИМ террордук уюмунун согушкерлеринен бир айда мурун бошотулган. Учурда аймак боюнча миналарды зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.
АКШнын соода министри Уилбур Росс президент Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөп жатканда уктап калды.
Индиянын Ченнаи шаарындагы ресторандардын биринде кардарларды робот-официанттар тейлей баштады.
Анкарада Сирия кризисин жөнгө салууга арналган Иран, Орусия жана Түркия лидерлеринин үч тараптуу саммити аяктады. Анын катышуучулары сүйлөшүүлөрдү "иштиктүү" деп аташты.
АКШ президенти Дональд Трамп Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан кетиргенин өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды. Трамп өзү жана Ак Үйдөгү көпчүлүк адамдар Болтондун көпчүлүк кеңештерине макул эместигин, ошондуктан анын кызматтан кетүүсүн өтүнгөндүгүн билдирди. "Ал мага арызын бүгүн эртең менен берди" - деп жазды Трамп.
Жымжырт, депрессивдүү... Казакстандын бул шаарларын эмне гана деп аташпайт. Бирок чындыгында Караганда облусундагы бул үч шаар ээн калган.
Шираз шаарында жайгашкан белгилүү Насир аль-Мульк мечити Ирандагы эң кооз мечиттердин бири катары таанымал. Керемет мечит 1988-жылы Каджар династиясынын өкүлү, шираздык олигарх Мирза Хасан Али Насир аль Мульктун буйругу менен курулган. Мечиттин курулушуна 10 жылдан ашуун убакыт кеткен. Мечиттин негизги өзгөчөлүгү ички көрүнүшүндө: дубалдары түстүү айнектер жана мозаикалардын ар түрдүү бөлүктөрү менен кооздолгон. Айнек терезелерден ичине күн нуру тийген убакта түрдүү түстөр чагылып, мечит ичи кайталангыс кооздукка бөлөнөт. Күн нуру тийип турган учурда, өзгөчө дубал беттеринде жазылган араб сөздөрү укмуштуудай кооз көрүнөт. Мечиттин ичи айнектердин чагылуусунан улам көбүнчө кызгылтым түскө бөлөнөт, ошол себептен улам мечиттин экинчи аталышы “Кызгылт мечит” деп аталат.
Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы №1 мектепте болгон торрордук кол салууга быйыл 15 жыл толду. Кечээ, 1-сентябрда окуяда курман болгондорду үч күндүк эскерүү күнү башталды. 2004-жылдын 1-сентябрында согушкерлер тобу шаардагы №1 мектебиндеги 1128 кишини барымтага алган. 3 күндөн кийин орус аскерлери мектептин имаратына чабуул жасаган. 333 киши терактын курмандыгы болгон, алардын 186сы балдар болгон. Ошондой эле 800дөн ашууну жаракат алган.
Өзөктүк келишим, Дамаскты колдоо жана Европанын көз карандысыздыгы. Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Euronews телеканалына маек куруп берди...
Подмосковьенин Одинцово районунда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалында Юрий Гагариндин чоң граффитиси пайда болду.
Кытайдын Синьчунь кыштагында үңкүрдүн ичинде өзгөчөлөнгөн баскетбол аянтчасы пайда болду.
Пекинде жыл сайын өтүүчү роботтордун бешинчи бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсү болуп өтүп жатат. Анда 650дөн ашуун компаниялар өздөрүнүн эң акыркы моделдерин көргөзүп жатышат.
Израилдин премьер-министринин аялы Сара Нетаньяху Киевге барганда, аэропорттон ооз тийүүгө берилген нанды жерге таштап салды.
Австралиянын түштүк-чыгышында акыркы 35 жылдан бери биринчи жолу кар жаады. Кар Виктория жана Жаңы Түштүк Уэльс штаттарына 11-августта жаады. Жергиликтүү жашоочулар кар кечип оюн салган кенгуруларды видеого тартып алган.
Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстанга иш-сапары менен келип,өлкөдөгү кырдаал боюнча өз пикирин билдирди.
Жаракат алган аскер учурда ооруканада жатат.
Ооганстандагы жакырчылык үй-бүлөлөрдү балдарды завод жана фабрикаларга бергенге мажбур кылууда. Балдардын көбү 5 жаштан баштап иштөөгө аргасыз болушат.
Флорида институтунун илимпоздору дүйнөдө байыркы деп эсептелген акулалардын түрлөрүнүн бири болгон алты бакалоорлуу акуланы тасмага тартып алышты. Илимпоздор акуланы абдан жакын аралыкта тартууга жетишишкен. Изилдөөчүлөрдүн бири байыркы акулалардын түрүнө кирген бул акуланын чоңдугу суу алдында жүрүүчү кемеден чоң экенин баса белгиледи. Алты бакалоорлуу акуланын узундугу болжолу менен беш метрге жетет жана салмагы бир тоннадан ашат. Ошондой эле бул түрдөгү акулалардын ургаачысы эркегинен алда канча чоң болоору айтылууда. Илимпоздор тарабынан тасмага тартылып алынган бул түрдөгү акуланын узундугу 5,4 метрге жетет.
Түндүк Корея бүгүн, 31-июлда жакынкы аралыктагы эки баллистикалык ракетасын кое берди. Бул өлкө мындан бир жума мурун дагы бул куралын сыноодон өткөргөн эле.
Иорданияда өлкөдөгү алгачкы суу алдындагы музей ачылды. Экспонаттардын арасында - танкалар, зениттик куралдар, согуштук тик учак, БТР жана тез жардам унаасы бар. Бир жуманын ичинде суу түбүнө 19 аскердик техника чөктүрүлдү. Экспозициялар белгилүү Акаба курортунун жээгине жайгаштырылды. Шаар бийлиги бардык унаалар зыяндуу заттардын алдын-ала тазаланганын жана айлана-чөйрөгө зыян алып келберин билдиришти.
Орусияда Аскердик-деңиз флотунун күнү белгиленди. Салт боюнча июль айынын акыркы жекшемби күнү кемелердин парады жана аскердик-спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, аскердик техникалар көрсөтүлөт.
Франциянын Ангулем шаарынын жанында казуу учурунда планетада мурда байырлаган эң чоң динозаврдын сөөгү табылды. Зауропод түркүмүндөгү динозаврдын кашка жилигинин узундугу 2 метр, салмагы 400 килограммдан ашык.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү Перс булуңундагы Ларк аралынын түштүгүнөн 1 миллион литр аткезчилик мунай ташып бара жаткан чет өлкөлүк танкерди кармады. Буга чейин Батыш маалымат каражаттары Иран Перс булуңунан чет өлкөлүк мунай ташып бара жаткан танкерди кармап алды деп жазышкан. Иран батыш маалымат каражаттарынын бул билдирүүлөрүн четке какты. Эске салсак, буга чейин дагы Улуу Британия жана Гибралтардын бажылары Ирандын мунай ташып бара жаткан танкерин кармап, Сирияга мыйзамсыз мунай ташып бара жатат деп негизсиз айыптаган. Иран бийлиги бул окуяны деңиз каракчылыгы деп атап, ага жооп кайтара тургандыгын убадалаган.
Британиянын Грэйт Ормонд Стри ооруканасынын дарыгерлери пакистандык эки жаштагы баш сөөгү бириккен сиам эгиздери Сафа жана Марвага операция жасашты.
Индиянын Ахмадабад шаарындагы көңүл ачуучу парктардын биринде аттракцион экиге бөлүнүп адамдар менен кошо жерге кулады. Андан улам 29 киши жаракат алып, эки киши каза тапты.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн орусиялык 33 баланы үйлөрүнө кайтарды. Алардын эң улуусунун жашы төрт жашка дагы чыга элек. Балдар дарыгерлердин кароосунан кийин туугандарына өткөрүлүп берилди.
Орусиянын коргоо министрлиги С-400 зениттик-ракеталык комплексинин биринчи партиясынын Түркияга жөнөтүлүп жаткан видеосун жарыялады.
Түркия менен Сириянын чек арасында жайгашкан Хатай провинциясынын Рейханлы уездинде унаага коюлган бомба жарылып, үч сириялык каза болду.
Германия жана Курдистандын окумуштуулары Ирак аймагынан кургап калган суу сактагычтын түбүнөн коло доорунда курулган байыркы сарайды табышты. Байыркы сарай Ирактын Дахук провинциясындагы Тигр дарыясынын чыгыш жээгинен табылганы Тюбинген университетинин сайтында жарыяланды. Археологдордун божомолдоосу боюнча курулуш мурда Сирия жана Ирактын дээрлик бардык түндүк аймактарын ээлеп турган Миттани Империясынын дооруна таандык болгон. Табылган сарай аймактагы эң маанилүү ачылыштардын бири болуп саналат, анткени азыркы учурда байыркы империя тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Сарайдын негизги бөлүгү дарыядан 20 метр бийик турган дөңсөөдө жайгашкан. Археологдор сарайдын өзүнөн сакталып калган дубалдарга тартылган сүрөттөрдү табышты. Комплекс суу алдында канча жыл тургандыгы азырынча белгисиз.
Орусиянын Иркутск облусун нөшөрлөп жааган жамгырдан улам катуу сел каптады. Андан улам 3300дөй үй суу алдында калды. Акыркы маалыматтар боюнча 7 адам каза таап, 9у дайынсыз болууда. Суу ташкындан жалпы 33 миңдей тургун жапа чекти.
Кытайдын борбор шаары Пекинде дүйнөдөгү эң чоң “Дасин” аэропортунун курулушу аяктады. Анын курулушуна 60 миллиарддай доллар жумшалган. Бул аэропорттун “алтын феникс” формасында жасалган терминалынын аянты бир миллион чарчы метрди түзөт. Аэропорт 30-сентябрда Кытайдын 70 жылдыгынын алдында ачылат. Пекиндин түштүгүндөгү бул “Дасин” аэропорту шаар борборунан 46 км алыстыкта жайгашкан. “Дасин” аэропортунун пайдубалына биринчи таш 2014-жылдын 26-декабрында коюлуп, курулушу 2016-жылдын 15-мартында башталган. “Дасиндин” учуп-конуучу төрт тилкеси бар жана бир жылда 620 миң каттамды кабыл ала алат. Пландоочулар “Дасин” 2025-жылга чейин жылына 72 миллион кишини жана 2 миллион тонна жүктү тейлей алат деп божомолдошууда.
Өзбекстандын Жизак шаарындагы "Истиклол" паркында иштеп жаткан аттракцион экиге бөлүнүп, адамдар менен кошо жерге кулап түштү. Андан улам 1999-жылы туулган кыз каза тапты.
Орусиянын Бурятия аймагындагы Нижнеангарск аэропортуна "Ангара" авиакомпаниясына таандык болгон Ан-24 жүргүнчү учагы авариялык конуу жасап, андан улам учактын эки пилоту каза таап, 19 киши жаракат алды. Учактын бортунда 43 жүргүнчү болгон. Ан-24 жүргүнчү учагы бүгүн, 27-июнь эртең менен Нижнеангарс шаарынан Улан-Удэ шаарына учуп чыккан. Бирок учактын кыймылдаткычтарынын бири иштебей калганына байланыштуу экипаж мүчөлөрү аэропотко кайтып барууну чечкен. Учак конуу учурунда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тазалоочу курулуштун имаратына барып урунган.
Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарында бүгүн эртең мененки саат 9:20 чамасында аскер бөлүгүндөгү кампада жарылуу болду. Видеодон аскерлер шаар тургундарын эвакуациялап жатканын көрүүгө болот. Арыс шаарында болжол менен 43 миңдей киши жашайт.