• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 

Видео

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү Перс булуңундагы Ларк аралынын түштүгүнөн 1 миллион литр аткезчилик мунай ташып бара жаткан чет өлкөлүк танкерди кармады. Буга чейин Батыш маалымат каражаттары Иран Перс булуңунан чет өлкөлүк мунай ташып бара жаткан танкерди кармап алды деп жазышкан. Иран батыш маалымат каражаттарынын бул билдирүүлөрүн четке какты. Эске салсак, буга чейин дагы Улуу Британия жана Гибралтардын бажылары Ирандын мунай ташып бара жаткан танкерин кармап, Сирияга мыйзамсыз мунай ташып бара жатат деп негизсиз айыптаган. Иран бийлиги бул окуяны деңиз каракчылыгы деп атап, ага жооп кайтара тургандыгын убадалаган.
Британиянын Грэйт Ормонд Стри ооруканасынын дарыгерлери пакистандык эки жаштагы баш сөөгү бириккен сиам эгиздери Сафа жана Марвага операция жасашты.
Индиянын Ахмадабад шаарындагы көңүл ачуучу парктардын биринде аттракцион экиге бөлүнүп адамдар менен кошо жерге кулады. Андан улам 29 киши жаракат алып, эки киши каза тапты.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн орусиялык 33 баланы үйлөрүнө кайтарды. Алардын эң улуусунун жашы төрт жашка дагы чыга элек. Балдар дарыгерлердин кароосунан кийин туугандарына өткөрүлүп берилди.
Орусиянын коргоо министрлиги С-400 зениттик-ракеталык комплексинин биринчи партиясынын Түркияга жөнөтүлүп жаткан видеосун жарыялады.
Түркия менен Сириянын чек арасында жайгашкан Хатай провинциясынын Рейханлы уездинде унаага коюлган бомба жарылып, үч сириялык каза болду.
Германия жана Курдистандын окумуштуулары Ирак аймагынан кургап калган суу сактагычтын түбүнөн коло доорунда курулган байыркы сарайды табышты. Байыркы сарай Ирактын Дахук провинциясындагы Тигр дарыясынын чыгыш жээгинен табылганы Тюбинген университетинин сайтында жарыяланды. Археологдордун божомолдоосу боюнча курулуш мурда Сирия жана Ирактын дээрлик бардык түндүк аймактарын ээлеп турган Миттани Империясынын дооруна таандык болгон. Табылган сарай аймактагы эң маанилүү ачылыштардын бири болуп саналат, анткени азыркы учурда байыркы империя тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Сарайдын негизги бөлүгү дарыядан 20 метр бийик турган дөңсөөдө жайгашкан. Археологдор сарайдын өзүнөн сакталып калган дубалдарга тартылган сүрөттөрдү табышты. Комплекс суу алдында канча жыл тургандыгы азырынча белгисиз.
Орусиянын Иркутск облусун нөшөрлөп жааган жамгырдан улам катуу сел каптады. Андан улам 3300дөй үй суу алдында калды. Акыркы маалыматтар боюнча 7 адам каза таап, 9у дайынсыз болууда. Суу ташкындан жалпы 33 миңдей тургун жапа чекти.
Кытайдын борбор шаары Пекинде дүйнөдөгү эң чоң “Дасин” аэропортунун курулушу аяктады. Анын курулушуна 60 миллиарддай доллар жумшалган. Бул аэропорттун “алтын феникс” формасында жасалган терминалынын аянты бир миллион чарчы метрди түзөт. Аэропорт 30-сентябрда Кытайдын 70 жылдыгынын алдында ачылат. Пекиндин түштүгүндөгү бул “Дасин” аэропорту шаар борборунан 46 км алыстыкта жайгашкан. “Дасин” аэропортунун пайдубалына биринчи таш 2014-жылдын 26-декабрында коюлуп, курулушу 2016-жылдын 15-мартында башталган. “Дасиндин” учуп-конуучу төрт тилкеси бар жана бир жылда 620 миң каттамды кабыл ала алат. Пландоочулар “Дасин” 2025-жылга чейин жылына 72 миллион кишини жана 2 миллион тонна жүктү тейлей алат деп божомолдошууда.
Өзбекстандын Жизак шаарындагы "Истиклол" паркында иштеп жаткан аттракцион экиге бөлүнүп, адамдар менен кошо жерге кулап түштү. Андан улам 1999-жылы туулган кыз каза тапты.
Орусиянын Бурятия аймагындагы Нижнеангарск аэропортуна "Ангара" авиакомпаниясына таандык болгон Ан-24 жүргүнчү учагы авариялык конуу жасап, андан улам учактын эки пилоту каза таап, 19 киши жаракат алды. Учактын бортунда 43 жүргүнчү болгон. Ан-24 жүргүнчү учагы бүгүн, 27-июнь эртең менен Нижнеангарс шаарынан Улан-Удэ шаарына учуп чыккан. Бирок учактын кыймылдаткычтарынын бири иштебей калганына байланыштуу экипаж мүчөлөрү аэропотко кайтып барууну чечкен. Учак конуу учурунда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, тазалоочу курулуштун имаратына барып урунган.
Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарында бүгүн эртең мененки саат 9:20 чамасында аскер бөлүгүндөгү кампада жарылуу болду. Видеодон аскерлер шаар тургундарын эвакуациялап жатканын көрүүгө болот. Арыс шаарында болжол менен 43 миңдей киши жашайт.
Бүгүн, 24-июнь эртең менен Казакстандын түштүгүндөгү Түркестан облусунун аскер бөлүгүндөгү кампада жарылуу болду. Бул туурасында Казакстан ИИМинин өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Нурсултан Нурахметов РИА Новостиге билдирди. Ал окуя бүгүн саат 09:20 чамасында Түркестан облусунун Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде болгонун билдирди. Анын айтымында, жарылуу болгон жерге 30 өрт өчүрүүчү кызматкер жана 8 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.
Грузиянын борбор шаарынын миңдеген тургундары өлкөнүн учурдагы өкмөтүн отставкага кетишин талап кылып массалык митингге чыгышты. Буга чейин Тбилисиде православдык парламент аралык ассамблеясы болуп өткөн. Ага Орусиядан келген делегаттар анын ичинде ассамблеянын президенти Сергей Гаврилов катышкан. Гаврилов ассамблеянын жыйынын грузин парламентинин спикеринин креслосунда отуруп ачкан. Анын бул аракети оппозициялык депутаттардын ачуусун келтирген жана алар залдан чыгып кетишкен. Кийинчерээк, “Грузин кыялы” башкаруучу партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвили журналисттерге болгон окуяны "протоколдук ката" болгондугун билдирген.
Бүгүн, 20-июнь качкындардын эл аралык күнү. Учурда дүйнө жүзү боюнча качкындарды саны 70 миллиондон ашат.
БУУнун тергөөчүлөрү тарабынан чогултулган далилдер Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бен Салмандын саудиялык журналист Жамал Хашоггинин өлүмүнө катыштыгы бар экендигин божомолдоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу БУУнун атайын баяндамачысы Аньес Каламар билдирди.
Ирандын маалымат каржаттары Ислам Революциясынын сакчылары корпусу Перс булуңунун үстүнөн АКШнын армиясына таандык чалгынчы учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн маалымдашты. Тегеран тыңчылык кылган учкучсуз учак Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдады.
Египеттин 67-жаштагы экс-президенти Мухаммад Мурси кечээ, 17-июнда сот учурунда эсин жоготуп, көз жумду. Дарыгерлер анын денесинен эч кандай жаракат табышкан жок. Алдын ала маалыматтар боюнча Мурсинин жүрөгү кармап көз жумган.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун аялы Сара Нетаньяху сотто мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланганын моюнга алды. Ал резиденцияга ресторандан 100 000 долларга тамак-аш буйруп, акчасын мамлекеттик казынадан төлөгөн.
Кечээ, 13-июнда Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Рухани Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Ирандын президентин «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Кечээ, 12-июнда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ эки күндүк иш сапары менен Тегеранга келди. Аны Мехрабад аэропортунан Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф тосуп алды.
Грециянын Лесбос аралынын жээгине жетүүгө аракет кылган 7 киши анын ичинде аялдар жана балдар Эгей деңизинде чөгүп кетти.
Казакстандагы “Коомдук пикир” инситуту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, “бийликтин талапкери” Касым-Жомарт Токаев добуштардын 70,13% алды.
Италиянын Сицилия аралында Европадагы эң бийик жана дүйнө жүзүндөгү эң активдүү деп саналган Этна жанар тоосу ойгонду.
HyQReal аттуу төрт буттуу кичинекей робот салмагы 3300 тонна, узундугу 14,4 метр жана канатынын узундугу 14 метр жана болгон Piaggio P180 Avanti жүргүнчү учагын сүйрөдү.
Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Консервативдик партиянын лидерлигинен кетип жатканын жарыялап жатып ыйлап жибере жаздады.
Uber компаниясы Австралияда суу алдында жүргөн такси чыгарды.
Индонезиянын борбор шаары Жакартадагы башаламандыктар өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы өткөн айда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан кийин башталды.
Тажикстанда түрмөдө чыккан козголоңдо 32 киши каза болду. Расмий маалыматтар боюнча башаламандыкты ИШИМ террордук уюмуна катыштыгы бар деп айыпталып, камалгандар уюштурган. 1500 кылмышкер камалып турган түрмө Душанбеге жакын Вахдат шаарында жайгашкан.
Каирде пирамиданын жанындагы жолдо туристтик автобустун жанында жарылуу болду. Алдын-ала маалыматтар боюнча 17 адам жаракат алды.
Түркияда "Деңиз карышкыры" деп аталган өлкө тарыхындагы эң ири аскердик машыгуулар башталды. Ага 131 кеме, 57 согуштук учак, 33 тик учак жана 26 миң аскер кызматчысы катышууда. Машыгуу 25-майда соңуна чыгат.
Япониянын Китакюсю шаарында орнотулган узундугу 163 метр болгон 100 кишилик селкинчек Гиннестин рекорддор китебине киргизилди. Өзгөчөлөнгөн селкинчекти "Хибикинада" оюн-зоок паркынан көрүүгө болот.
Канадада дүйнөдөгү эң бийик жана эң ылдам жүргөн америкалык горка ачылды. Горканын жалпы узундугу 1104 метр, кулаган бийиктиги 75 метр.
Табылгалар V династиянын (б.з.ч. 2500-жыл) дооруна таандык.
Шереметьево аэропортунда кырсыктаган Sukhoi Superjet 100 учагында каза болгон адамдардын саны 40тан ашты .
Чет өлкөлүк гиддер Иран өлкөсү тууралуу жакшы таасирлери менен жаңсоо тилинде бөлүшүштү.
Японияда жаңы император Нарухитонун такка отурушу менен жаңы Рэйва доору башталды. Нарухитонун такка отуруу салтанаты кечээ, 1-майда Токиодо өттү. Эске салсак, 89 жаштагы Акихито 30-апрелде тактыдан баш тартан.
Буту жок төрөлгөн казакстандык он жаштагы Али Турганбеков «Барселонанын» чабуулчусу Лионель Месси менен жолугушту. Өткөн жылы Али аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона менен дагы жолугушкан.
30-апрелде Багдаддан Душанбеге 84 тажик бала ирактык учак менен алып келинди. Бул балдардын айрымдары бир нече жыл мурун ата-энелери менен бирге Иракка келишкен, ал эми айрымдары ошол өлкөдө төрөлүшкөн жана бир гана араб тилинде сүйлөшөт.
Япониянын 85 жаштагы императору Акихито тактыдан баш тарты. Тактыга императордун 59 жаштагы мураскери Нарухито келет.
Стамбул шаарында жоогазын фестивалы өтүп жатат. Анын алкагында 640 миң гүлдөн килем жасалды. Жоогазындан жасалган уникалдуу килем жыл сайын Султанахмет аянтына көптөгөн туристтерди тартат жана Стамбулдун символдорунун бири болуп саналат.
Эки тараптуу аскердик кызматташтыкты бекемдөө максатында Казакстандын Актау деңиз портуна Иран армиясынын аскердик-деңиз күчтөрүнүн согуштук кемелеринин отряды кирди. Ирандын «Жушан» жана «Сепар» аскердик кемелерин Актау деңиз портунан Казакстандын аскердик-деңиз күчтөрүнүн «Казакстан» ракета жана артиллериялык кемеси тосуп алды.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Владивосток шаарында жолугушту.
Филиппинде күчү 6,3 баллга жеткен жер силкинүү болду. Силкинүүнүн очогу 86 чакырым тереңдикте жайгашканы айтылды.
Шри-Ланкада Пасха майрамы белгиленип жаткан учурда катар-катары менен болгон жардырууларда 180ден ашуун киши өлүп, 500дөй адам жаракат алды.
Boston Dynamics компаниясы төрт буттуу 10 робот жүк ташуучу унааны сүйрөп бараткан видеону жарыялады.
Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү 12 саатка созулган өртөн кийин өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр имараттын каркасын жана реликвияларды сактап калышты. Бирок имараттын мунарасы урап түшүп, чатырынын бир бөлүгү жана бардык жыгач элементтер күйүп кетти.
Кечээ, 15-мартта Париждеги белгилүү Норт-Дам чиркөөсүндө өрт чыкты.
Суданда массалык нааразычылык акциясынын катышуучулары Аскердик кеңештен бийликти убактылуу жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылышууда.
Ирактын түндүгүндө жашаган Бивар Абдулла португалиялык футболчу Криштиану Роналдуга куюп койгондой окшош.